Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 22.12.2019 18:33 На русском

Ак-Талаанын Баетов айылында тооктор кырылып жатат. Ветадис эмне дейт?

Баетовдогу кырылган тооктор
Баетовдогу кырылган тооктор

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылында жергиликтүү тургундардын тооктору белгисиз оорудан улам өлүп жаткандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Айыл тургундарынын айтымында, тооктор болжол менен бир айдан бери белгисиз оорудан улам өлүп, тарпы өрттөлүп жатат. Атын атагысы келбеген тургун 20 тоогу өлүп калгандыгын белгилейт.

«20 тоогубуз бар эле. Баары өлүп калды. Ооруду окшойт. Алар башын шылкыйтып, шүмүрөйүп, андан кийин өлүп калышты. Ветадистен дары сурап келип бердик. Бирок ага деле болгон жок. Интернеттеги маалыматтарга оорунун белгилерин салыштырсак куш тумоосу болуп чыкты. Бул оору менен ооруган куштар 20 сааттын ичинде эле өлөт экен. Өлгөн тоокторду өрттөш керек экен. Өрттөп салдык», - деди айыл тургуну.

3 күн ичинде 15 тоогу өлгөн Чолпон Акматбекова көп эле жашоочулардын тооктору өлгөнүн айтты.

«15 тоогубуз өлдү. Бир башкача кырылдап, онтоп, андан кийин өлүп калды. Бир күндө бардыгы өлгөн жок. Күнүгө 3-4төн өлүп жатты. 3 күн ичинде 15 тоок өлдү. Кошуналарыбыздыкы өлдү. Кечээ кар жаагандан бери өлбөй калышты. Веткызматкерлер деле келишкен жок. Өлгөн тоокторду өрттөш керек экен дегендеринен өрттөп салдык. Эртерээк чара көрүшүп, дарылашса болмок», - деди Чолпон эже.

Ал эми райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Токтогожоев тоокторго эмдөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Тооктордун өлүп жаткандыгы боюнча бизде маалымат бар. Айрым жашоочулар кайрылышкан. Бизге мамлекет тарабынан куш чумасына каршы вакциналар берилбейт. Биз жеке менчик ветсервистер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын натыйжасында айылдагы жеке ветсервистер 4 миң вакцина алып келип кайрылгандарга эмдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Биз эмне себептен өлүп жаткандыгын, кандай оору экендигин тактоо максатында 2 өлгөн тоокту лабораторияга бергенбиз. Бергенибизге 10 күндөн ашып калды. Буюрса 2-3 күндүн ичинде так жыйынтыгы чыгып келет. Ошого жараша дагы аракеттерди көрөбүз.

Негизи буга чейин биздин райондо мындай болгон эмес. Акыркы мезгилдерде Чүй жергесинен ар кандай породадагы тоокторду алып келип жатышат. Оору ошол тооктор аркылуу келиши мүмкүн. Тоок баккан жашоочу жыл сайын ветсервистерге кайрылып, куш чумасына каршы үй канаттууларын эмдөөдөн өткөрүп туруулары зарыл.

Ал эми биздин байкообуз боюнча тооктор куш чумасынан өлүп жатат. Ар бир жаран тоокканага киргенде резина кол каптарды кийип, беткап тагынып кирүүлөрү керек. Мындай учурда тоокторго антибиотиктер берилет. Бирок ооруп жаткандарын эмдөөгө болбойт. Ооруй электе эмдеткиле деп кайрылып жатабыз. Андан сырткары, жылына 2 жолу тооктордун жемине "Альбен" дарысын кошуп берип турушу зарыл.

Бул оору адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурбайт», - деди Т.Токтогожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×