Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 21.12.2019 15:29

Видео, сүрөт — Ак-Талаада энергетиктер сыйланды. Алар кимдер?

Энергетиктер күнү
Энергетиктер күнү
// Турмуш

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын электр энергия тармагынын түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгы белгиленип, бир катар энергетиктер сыйланышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 21-декабрда Ак-Талаа райондук электр тармагы ишканасында Энергетиктердин кесиптик күнү белгиленди. Анда кесип ээлерин акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбеков, райадминистрациянын жетектөөчү адиси Жумабек Опоев, электр энергетика тармагынын ардагери Замирбек Турдукулов, райондук электр тармагы ишканасынын жетекчиси Тынчтык Турдукулов куттуктады. Ошондой эле ишкана жетекчиси тарабынан бир жыл ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн сыйлыгы менен:

- Алмазбек Тостоков, ардак грамота;
- Кубанычбек Тилемишов, ыраазычылык кат;
- Таалайбек уулу Уран, ыраазычылык кат.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыгы менен:

- Айбек Асанкул уулу, ардак грамота;
- Алмазбек Жунусов, ардак грамота;
- Гүлзина Моңолбаева, ардак грамота менен сыйланды.

Баетов айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин сыйлыгы менен:

- Эрмек Молдалиев, ардак грамота;
- Назгүл Садыбакасова, ардак грамота менен сыйланды.

«Чыгыш электро» ачык акционердик коомунун Нарын облусундагы филиалынын сыйлыгы менен:

- Жеңишбек Абдрахманов, ардак грамота;
- Мирлан Акматов, ардак грамота;
- Рахат Курманалиева, ардак грамота;
- Бакы Абдыкадыров, ардак грамота;
- Эдилбек Дүйшеев, ардак грамота;
- Эсенбек Акматов, ардак грамота;
- Чыңгыз камбаралиев, ардак грамота;
- Гүлзада Жээнбаева, ардак грамота менен сыйланды.

«Чыгыш электро» ачык акционердик коомунун кесиптик бирлигинин сыйлыгы менен:

- Эсенбек Акматов, ардак грамота;
- Гүлбарчын Назарбаева, ардак грамота менен сыйланды.

Ак-Талаа райондук электр тармагы ишканасынын ардак грамотасы менен:

- Алтынбек Асанакунов;
- Эрнис Молдашыров;
- Манас Артыков;
- Жаныбек Табылдиев;
- Бекжан Жумагулов сыйланды.

Андан сырткары, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын «Ардактуу ардагер» төш белгиси менен электр энергия тармагынын ардагери Замирбек Турдукулов сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×