Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуНарын району 21.12.2019 14:55

Бөрүлүү мезгил: Нарында 43 жырткыч жок кылынды

Turmush -  Нарын районунда айдын башынан бери 28 карышкыр, 15 чөө атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Адилет Черикчиев билдирди.

Анын айтымында, Нарын районунун айыл өкмөттөрүнүн кайрылуусунун негизинде тургундардын малына кол салган карышкыр жана чөөлөр атылган.

«Карышкыр менен чөөлөр Куланак, Учкун, Он-Арча жана Кеңеш айыл өкмөттөрүнөн атылды. Жалпысынан мергенчилердин 3 тобу иштеди. Алардын арасында өзүбүздүн жана жергиликтүү мергенчилер, егерлер бар. Карышкырлардын ичинен ургаачылары көп атылды. Ошондой эле жетөө чоң карышкыр болгон. Карышкырлар атылган айылдарда жырткычтар 20 бодо, 30-40 майда малга кол салышкан. Жырткычтар болжол менен ар бир айыл өкмөттө 20 бодо малды кырып жатышат. Карышкырлар топ болуп жүргөндүктөн аларды үйүрү менен атканга аракет кылдык. Себеби айыл өкмөттөрдөн үйүрү менен жүрөт деп кайрылышкан», - деди А.Черикчиев.

Ал ар бир жуманын шейшемби күндөрү атылган ар бир карышкырга 5 миң сомдон, чөөгө 3 миң сомдон сый акы берилип турарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×