Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуЖумгал району 13.12.2019 18:02 На русском

Жумгал районундагы көмүр кендери текшерүүгө алынат (видео, сүрөт)

Жумгал районундагы көмүр кендери
Жумгал районундагы көмүр кендери

Turmush -  11-декабрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов көмүр кендеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн өкмөттүк комиссия Кабак бассейни менен Миң-Куш аймагындагы кендерди текшеришет.

«Бүгүнкү күндө бул аймакта 17 компания иштейт. Анын 16 компаниясы менчик компания, ал эми жалгыз 1 компания мамлекеттики. Өкмөттүн токтомунун негизинде 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине керектүү көмүр отундарын казуу иштерин көрүү үчүн бул жакка келдик. Ушул мезгилде 680 миң тонна көмүр Бишкек ЖЭБге жеткирилиши керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик ишкана өзүнүн планын ашыгы менен аткарды. Тактап айтканда, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Бишкек ЖЭБге 550 миң тоннаны жеткирди. Андан кийин ЖЭБге дагы 367 миң тонна көмүр отуну жиберилди. Учурда 80 миң тонна көмүр топ базаларда турса, кендин өзүндөгү 2 кесимде 200 миң тоннадай көмүр турат. Быйыл Бишкек ЖЭБге көмүр тартуу үзгүлтүккө учурабайт.

Жакында эле өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул комиссиянын максаты — көмүр ишканаларын тартипке келтирүү. Кара-Кечеде жана Миң-Куш аймагындагы көмүр кендери текшерилет. Ошонун негизинде чара көрөбүз. Ачык эле айтып коюшубуз керек, кээ бир компаниялар иштебейт», - деди Э.Осмонбетов.

Ал эми «Шарбон» көмүр кенинин директору Кумар Изабеков көмүр кесиминдеги калдык төгүүчү жайлар жакшы көзөмөлгө алынса дейт.

«Калдык төгүү жайыбыз кичине туура эмес жерге түшүп калды. Тактап айтканда, саз болгон жерге түшүп, ал жай Кум-Төрдүкүндөй жылып, жолду кичине бууп кетүү жагдайы жаралып жатат. Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү келип, эскертүү берип, ал жакка калдык төгүүнү токтоткула деп кетишкен. Азыр суукта жылбайт, бирок жайында күн жылыганда калдык төгүү жайы жылып кетеби деген коркунучтар бар. Ошон үчүн мамлекеттен жакшылап көңүл бурулушу керек», - деди Кумар Изабеков.

Айдоочу Тойчубек Мусабаев кенге келгенине 1 күн болгонун, учурда көмүр жүктөп кетип баратканын айтты. Ошондой эле, Балыкчы шаарында көмүрдүн 1 тоннасы 2800-3500 сомго чейин сатылып жатканын билдирди.

Текшерүүнүн соңунда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишкананын башкы директору Канатбек Ашырбаев «Кара-Кече көмүр кенинде кытайлар иштеп жатабы?» деген суроого жооп берди.

«Бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүр кенинде подрядчик компаниялар иштейт. Алардын баары кыргыз компаниялар. Алар бул жакта жолдо иштеп жатышкан кытайларды алып келип жалдап иштетишүүдө. Ошол себептен сөз тарап жатса керек. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бизде эч кандай кытай компаниялары иш алып барган жок. Биз учурда толук кандуу мамлекеттик ишканабыз. Мындан ары акционердик коомго айландырсакпы деген пландарыбыз бар. Акционердик коомго айланган учурда дагы биздин биринчи акционерибиз мамлекет болот. Бир бөлүгү ушул жерде иштеген Кыргызстандын жарандарына берилиши мүмкүн. Эгер берилбесе, анда акционер мамлекет өзү болот.

Көмүр казуу жана чыгаруу иштеринин баары план менен келе жатат, эч үзгүлтүккө учуруган жок. Кыргызстан боюнча быйыл 2500 млн тонна көмүр дайындашыбыз керек болсо, 11 айдын ичинде 1 млн 954 миң тонна көмүр казылып дайындалды. Ал эми социалдык баштыкчалар боюнча айтсам, Жумгал районундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга жалпы 1400 тонна көмүр отуну акысыз берилет. Андан тышкары Нарын шаарына да быйыл таратылды», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×