Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусу, Ош 05.12.2019 09:59 На русском

«Таарынычымды аркы дүйнөгө ала кетем»: Жолдошунун оорусун билбей турмушка чыккан келиндин ыйы

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  11 жыл мурун ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган Камола Акбарова (аты-жөнү өзгөртүлдү) дени сак ымыркайларды төрөгөн. Ал аймактык кабарчыга ВИЧ илдетин кимден жана кантип жугузуп алганын айтып берди.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча медайым. 2008-жылы Ош облусундагы ооруканалардын биринде иштечү.

«Бир күнү ооруканага бир аял дарыланууга жатып, мени менен жакындан тааныша баштады. Жумуштарымды жасап жүрсөм, ал мени өзүнө келин кылып алуу үчүн баласы менен сүйлөшүп көрүүмдү өтүндү. Мен макул болгон жокмун. Бирок ал аял ооруканадан чыгып кеткенче жанымды койгон жок. “Ата-энең менен сүйлөшөйүн, дарегиңди айт” деп сурап, жазып алды. Көп өтпөй үйгө жуучуларды жөнөтүп, ата-энем алардын сунушуна макул болуп, ошол эженин баласына турмушка чыктым. Жолдошум ВИЧ-инфекциясы менен ооруй турганын боюмдагы бала төрт айлык болгондо билдим.

Турмушка чыккандан кийин “эми иштебейсиң, Россияга кетебиз” деп мени жумушумдан бошоттурушту. Тоюбуздан кийин көп өтпөй Россияга бардык. Жолдошум ага чейин да Россияга барып иштеп жүрүптүр. Көп өтпөй кош бойлуу болдум. Токсикоз (кош бойлуу айымдардын оорусу) оор болуп, алым кетип, катуу кыйналдым. Курсагымдагы балага төрт ай болгондо Кыргызстанга келдим. Өзүм жашаган жерге каттоого туруп, анализ тапшырдым. Ошондо канымдан ВИЧ-инфекциясы аныкталды. Ага ишенбей, Оштогу бардык лабораторияларга анализ тапшырып көрдүм. Баарынын жыйынтыгы ВИЧ илдети бар деп чыкты. Көрсө ВИЧ жолдошумдан жугуптур. Ал мени менен үйлөнгөнчө ВИЧ илдети менен ооруй турганын билген. Бирок мага айтпай коюптур. Жолдошум Россиянын жарандыгын алган, ошол жактагы СПИД борборлордун биринде каттоого да алыныптыр. Кайын энем баласынын ВИЧ менен ооруп жүргөнүн билчү экен. Бирок ал да менден жашырыптыр. Кайдан жукту деп ата-энем, бир туугандарым, баарыбыз ызы-чуу салып баштадык. Мен нес болуп калдым. Дарыгерлер ВИЧ-инфекциясы балага жугуп калбашы үчүн 6 түрдүү дары жазып беришти. Жолдошума кан тапшырып көрүүнү сунуштадым. Ал мага ВИЧ илдети менен мурда эле ооруй турганын айтып, оозумду ачырды. Мен бетимди жаап, буркурап ыйлаган бойдон калдым. Апасы, үй-бүлөсү баары билчү экен. “Эмне үчүн мага айткан жоксуң?” десем, айтсам, мага турмушка чыкпай коймоксуң” деди. Айла жок, баары кеч болуп калган.

Арадан алты ай өтүп, кыздуу болдук. Кызым дени сак төрөлдү. Дарыгерлер дарыларды өз убагында калтырбай ичкендиктен кызың дени сак төрөлдү дешти. Дарылар күчтүү болчу. Аларды ичкенден кийин мас кишидей көзүң тумандап, жатып каласың. Жолдошум кызым 11 айлык болгондо келди. Ошондо дагы боюма бүтүп калыптыр. өрөбөйм, аборт кылдырам, баланы да, өзүмдү да кыйнагым келбейт" десем, жолдошум "төрөйсүң" деп туруп алды. Жолдошум бат эле кайра Россияга кетти. Дагы күчтүү дарыларды иче баштадым. Ошентип экинчи кызым да дени сак төрөлдү. Кайын журтум ВИЧ илдети менен ооруйсуң деп басынта беришкендиктен, жолдошум менен ажырашканга аргасыз болдум. Жолдошум экинчи кызым төрөлгөндө да келген жок. Кайын ата, кайын энем, кайын сиңдилерим менен жашап жүрдүм. Алар мени “ВИЧ менен ооруйсуң, жугузасың” деп басынта беришчү.

Азыр өзүмдүн ата-энем менен чогуу жашайм. Алар мага көп жардам беришет. Өзүм да иштейм. Балдарым үчүн жашайм. Дарыларды ичип, кыздарым үчүн өмүрүмдү узартып келем. Дары менен гана жашап, жашоо үчүн күрөшүп калат экенсиң. 4-5 жылдан бери жолдошум дайынсыз. Балдарын да сураган жок. Кайын журтум неберелерин көргүсү келбейт. Азыр жолдошумду көрсөм, ага эмне деп айтарымды билбейм. Жолдошума болгон таарынычымды аркы дүйнөгө кошо алып кетет болушум керек», - дейт Камола Акбарова.

Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматованын айтымында, Ош облусу жана Ош шаары боюнча ушул жылы ВИЧ илдетин жугузган 4 кош бойлуу аял аныкталган.

«2019-жылы ВИЧ илдетин жугузган 47 аял каттоого алынган. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 31 аял төрөдү. Алар 20 жаштан 49 жашка чейинки аялдар. Ооруну алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Балдардын анализдери алынып жатат. Төрөлгөн 31 ымыркай 18 ай каттоодо турат. Ага чейин текшерүүдөн өткөрүп, дени сак же ВИЧ илдети менен ооруй турганын аныктайбыз. ВИЧ илдетинин энеден балага жугушу 2001-жылы 49 пайызга жетсе, азыркы күндө ал көрсөткүч 46 пайызга төмөндөдү», - деди Элмира Нарматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×