Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 02.12.2019 15:07

Миң-Кушта «Кош жылдыз» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Э.Акматалиев атындагы маданият жана жаштар үйүндө «Кош жылдыз» сынагы өткөрүлдү.

Ага айыл өкмөт башчысы Канат Алманбетов катышып, сынакты ачып берди. Андан соң сынактын катышуучулары тиешелүү тапшырмаларды аткарып, тургундарга көңүлдүү маанай тартуулашты.

Жыйынтыгында 1-орунду Миң-Куш тиричилик тейлөө мекемесинен катышкан жуптар Мирбек Чопоев менен Марина Мокешова алып, 8000 сом менен сыйланышты. 2-орунду «Байчечекей» бала бакчасынан Мырзакан Нуралиев менен Уулкан Жеренчиева ээлеп, 6000 сом сыйлыкка ээ болушту. Ал эми 3-орунду ээлеген №26 кесиптик лицейинин кызматкерлери Жеңиш Өмүрова менен Аваз Жумабеков 4000 сом менен сыйланып, 4-орунга Миң-Куш тиричилик тейлөө мекемеси менен Н.К.Крупская атындагы орто мектебинен келген катышуучулар ээ болушту.

Сынакка кеткен чыгым айыл өкмөтү тарабынан каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×