Нарын шаарындагы жаштар спорттук мелдештерде күч сынашты
Turmush - 30-ноябрда Нарын шаарында 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата спорттук мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ага мекеме-ишканалардын 18 жаштан 28 жашка чейинки курактагы кызматкерлеринен турган 8 команда катышты. Мелдештер эки күнгө созулуп, жигиттер кичи футболдо, кыз-келиндер волейболдо күч сынашты.
Эркектер арасында өткөн кичи футболдун жеңүүчүлөрү:
- 1-орун — Нарын райондук ички иштер бөлүмү;
- 2-орун — Нарын облустук кайгуул-күзөт кызматы;
- 3-орун — Нарын шаардык мэриясы;
- 4-орун — Нарын облустук жалпыга маалымдоо каражаттарынын командасы.
Кыздар арасында өткөн волейболдун жеңүүчүлөрү:
- 1-орун — Нарын облустук бириктирилген ооруканасы;
- 2-орун — Нарын медициналык колледжи;
- 3-орун — Нарын облустук казыятынын алдындагы медресе;
- 4-орун — Нарын облустук жалпыга маалымдоо каражаттарынын командасы.
Спорттук иш-чаранын байге фондусу 50 миң сомду түздү.