Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуКочкор району 02.12.2019 09:54

Кочкордогу дебаттын жеңүүчүлөрү Ысык-Көл жана Алматага эс алууга барышат

Turmush -  Кочкор районундагы мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Кыргызстан кечээ, бүгүн жана эртең» деген темада уюштурулган дебаттын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Дебат Кочкор районундагы 34 мектептин ортосунда өттү. Катышкан команданын бири позиция болуп мамлекеттин өнүккөн жагын, экинчи оппозициялык команда терс көрүнүштөрдү сүрөттөгөн.

Позициялык командалар арасында 1-орунду Көкөбай Мамбеталиев атындагы, 2-орунду Нинакан Жүндүбаева атындагы, ал эми 3-орунду Кызыл-Дөбө орто мектептери ээлеп, Ысык-Көлгө 3 күндүк эс алууга жолдомо утуп алышты.

Оппозициялык командалар арасында 1-орунду Арсы орто мектеби, 2-орунду Жунушалы кызы Сайнап атындагы, 3-орунду Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептеринин командалары ээлеп, Алмата шаарына 1 күндүк эс алууга жолдомо утуп алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×