Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусу, Нарын 02.12.2019 09:35

Нарын шаарында кичи футболдун жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Нарын шаарында 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу башкы калыс М.Жумакадыров билдирди.

Мелдешке жалпы алты команда катышты. Алар эки тайпага бөлүнүп, оюн өткөрүштү. Тайпанын жеңүүчүлөрү финалга чыгышып, оюндар атаандаштык менен өттү.

Чечүүчү оюнда «Теңир-Тоо» жана «Ак-Бата» командалары беттешип, көрүүчүлөргө кызыктуу оюн көрсөтүштү. Оюндун негизги жана кошумча бөлүгү тең чыгуу менен аяктап, 11 метрлик айып тобу берилип, «Ак-Бата» командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Жыйынтыгында 1-орунду «Ак-Бата», 2-орунду «Теңир-Тоо», 3-орунду «Алга» командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле оюнчулар Болотбеков Бексултан «Мыкты оюнчу», Эдилбек уулу Элдияр «Мыкты чабуулчу», Табылдиев Элмарт «Мыкты дарбазачы» деп табылып, атайын белектерге ээ болушту.

Мелдешти Нарын шаарынын мэриясы, облустук СПИДге каршы күрөшүү борбору жана Нарын шаардык спорт бөлүмү биргелешип өткөрдү. Мелдешти өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×