Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусу, Нарын 02.12.2019 09:10

Нарындагы тургундарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Нарын облусунун аймагында жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча декада жыйынтыкталды. Бул тууралуу Нарын облустук юстиция башкармалыгынын жетекчиси Гүлгакы Абдуллаева билдирди.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу калктын маалыматтуулугун арттырууга арналган иш-чарада юристтер коомдук жайларда кеңеш беришип, мыйзам чегинде акысыз жардам көрсөтүштү.

«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору жана «Нарын билим берүү долбоорлорунун агенттиги» коомдук бирикмесинин юристтери тарабынан түзүлгөн команда райондун борборлорунда, коомдук жайларда болушуп, жарандарга акысыз жардам беришти. Декаданын алкагында кайрылгандар көбүнчө алимент, жер талаш, камсыздандыруу маселелери боюнча айтышкан. Эгер турмушта талаш-тартыштар жаралса, атайын жактоочу дайындалып сотко катышып, жарандык укугун коргоп берүүдө да жардам көрсөтүү керектиги айтылды. Декадада ар бир жаран өз укуктары боюнча жетиштүү маалыматтарга ээ болушуп, укуктук жактан билимдерин жогорулатышты.

Юстиция башкармалыгында жарандар үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, анда укуктук жактан толук маалыматтарга ээ болушту. Ошондой эле маалымат баракчалары таратылды. Эгерде укуктары бузулса Нарын облустук башкармалыгынын алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборуна кайрылуулары керек экени эскертилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×