Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 01.12.2019 21:30

Ак-Талаадагы 40 жаштан жогорку курактагы адамдар волейболго түшүштү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 40 жаштан жогоркулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталгандыгын райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

30-ноябрда өткөрүлгөн мелдеш Баетов айылындагы 40 жаштан жогорку курактагы тургундар тарабынан уюштурулуп, ага айыл аймактардан келген спорт сүйүүчүлөр катышты. Мелдештин соңунда 1-орунду Үгүт айылынын командасы камсыздап, өтмө кубок жана 8 миң сом менен сыйланды. 2-орунду багындырган Баетов айылынын командасы 6 миң сом, 3-орунду ээлеген Жаңы-Талап айылынын командасы 4 миң сом жана 4-орунду алган Чолок-Кайың айылынын командасы 2 миң сом менен сыйланды.

Кийинки мелдешти өткөрүү кезеги Коңорчок айылына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×