Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуКочкор району 30.11.2019 22:27 На русском

Өзгөчө ысымдуу Оыйсанын Оо Мухамбетказы Бегаалы Жуманазар аттуу тууганы

Turmush -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кочкор районуна караштуу Кара-Күңгөй айылынын тургуну Оыйса Койлубаев. Ал өзүнүн ысымы кандайча коюлуп калганы тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Оыйса Койлубаев Кокор районуна караштуу Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде директордун чарбалык иштер боюнча орун басары болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.

«Мен 1953-жылдын 30-августунда Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңгөй айылындагы Түз-Булак деген жайлоодо төрөлүптүрмүн. Атам Абдрахман Койлубай уулу Сары молдо деген ысым менен райондун аймагында белгилүү молдо эле. Энебиз Калыйпа 12 бала төрөптүр. Мусакерим, Мухамбеткерим, Асейин, андан кийин мен Оыйса, Айшабүбү, Батыш, Озакария, Дүйшөбек, Оарууна, Охадича, Жусуп, Омор аттуу үч кыз, 9 эркек бир тууганбыз. Атабыз Абдырахман молдо болгон үчүн ушундай ысым коюптур. Мусакерим байкемди Муса пайгамбардын, Мухамбеткеримди Мухаммед пайгамбардын ысымынан алып коюптур. Менин атымды Оыйса деп Иса пайгамбардын атынан койгон. Озакария — Закария, Оарууна —Аруун аттуу пайгамбарлардын, Охадича деп Мухамбет пайгамбардынын кызы Хадичанын ысымынан койгон экен. Атам Мусакерим деген агамдын улуу баласына Оо Мухамбетказы Бегаалы Жуманазар Шераалы деп ат койгон. Аны Мухамбетказы деп койчубуз. Кийин кайтыш болуп калды. Атымды уккандар «өз атыңыз ким?» деп сурай беришет. Оыйса деп жаза албай Ойса деп жазып алышат. « Атыңыз эмнени түшүндүрөт?» деп сурашат. Мааниси «Оо Иса» деп, Иса пайгамбарга кайрылган сөз экен», - деди ал.

Оыйса Койлубаев 1960-1970- жылдары Кара-Күңгөй айылындагы Фрунзе атындагы орто мектебин бүтүргөн.

«Союз кезинде мектеп окуучуларын колхоз чарба иштерине жумшап пайдаланчу. 7-8-класста окуп жүргөндө атам Самүдүн деген аяш баласынын коюн айдашууга жиберди. Ал чабандын энеси Гүлайым апа дүкөндөн «жолдо же» деп бир баштык шоколадды канжыгага байлап берди. Кара-Саз деген жайлоого үч күндө жеттик. Жолдо карай шоколад жей берип, тишиме курт түшкөнү эсимде.

1970-жылы мектепти бүтүп, ошол эле жылы кооперативдик техникумга тапшырдым. Көп өтпөй аскерге чакырылып, ал жерден 1973-жылы кайтып келдим. Кайра келгенден кийин окуумду уланттым. 1975-жылы окууну бүтүп, Кара-Кужурда дүкөнчү болуп иштедим. Андан соң Кара-Кужурдагы керек-жарак коомунда кампа башчысы, товар боюнча адис, соода бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. 1989-жылдан баштап Кочкор райондук керек-жарак союзунда товар боюнча адис болуп эмгектендим. Малчыларды кыдырып, аларга керектүү буюм-тайымдарды алып барабыз. Эгер тейлөө жакшы болбосо жана ал райкомго жетсе, сөгүш алчусуң. Дүкөндөрдү бат-баттан текшерип турчу. Текшерүүчүлөр менен кошо дүкөндү кыдырганда «дүкөнчү таза чыкса экен» деп сарсанаа болор элек. Жармаңке болгондо дүкөнчүлөр товарын уурдатып жиберип, көп жолу чыгым болушчу. Ал кезде соода кылып, планды аткаруу керек. Планда белгиленген тыйындан ашса соттолуп кетчү. Бир жолу чарба дүкөнүндө иштеген бир дүкөнчүгө текшерүүчүлөр бирөөнү соода кылдырып, ал анча-мынча тыйын жеп алыптыр. Ошондон дүкөнчү эки жылга кесилип кетти. Мына ошондой учурларда иштедик. Мени менен иштегендер таза иштегенимден «сиз коркоксуз» деп коюшчу. Чолпондун керек-жарак коомунда башкарманын орун басары болуп убактылуу иштеп калгам. Ошол жактагы чарбанын директору «мурдакы сенин ордуңдагы адам чай-чамектен кайрылып турчу» деп калды. Мен андай кыла албасымды айтсам, «анда бала сен иштей албайт экенсиң» дейт. «Ооба, аксакал менин башым экөө эмес. Өзүм деле кетем» деп ал жерден которулуп кеткем.

Союз тарагандан кийин 1991-жылдан 2017-жылга чейин Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде директордун чарба иштери боюнча орун басар болуп иштедим. 2017-жылдан бери ардактуу эс алуудамын. Ошондо 14 жыл соода тармагында, 18 жыл мектепте чарба иштеринде үзгүлтүксүз иштептирмин. Союз мезгилинде облустук керек-жарак коомунун, керектөөчүлөрдүн союзунун ардак грамоталары, «Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү» деген төш белги менен, ардактуу эс алууга чыкканда «Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы» төш белгиси менен сыйландым», - деди ал.

Оыйса Койлубаев: «Жубайым Айым Жанаева экөөбүз бир айылданбыз. Ал мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Айылда жүргөн кезде эле сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ал дүкөнчү, кампа башчысы, мектепте буфетчи, кийин мектепте техкызматкер болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыкты. Төрт уул, эки кыздын атасымын. Азыркы учурда дыйканчылык менен алектенем. «Электр» дыйкан чарбасына мүчө болуп, үлүшүмдө 3 гектар айдоо жерим, 30 кой, үч уй, эки жылкым бар. Буюрса, малдын башын көбөйтсөм деген тилегим бар. Айдоо жериме арпа, эспарцет чөбүн айдап, үйүмдүн жанында чарбалык жериме картошка айдайм. Коомдук иштерге аралашып Кара-Күңгөй кредиттик союзунда текшерүү комиссиясынын төрагасымын. Айылдагы мечитке барып беш маал намаз окуйм», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×