Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусу, Нарын 30.11.2019 15:50

Нарын шаарында СПИДге каршы акция өттү

Turmush -  Бүгүн, 30-ноябрда Нарын шаарындагы борбордук стадиондо Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага мектеп окуучулары, студенттер жана жергиликүү бийлик өкүлдөрү катышты. Иш-чарада Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, СПИДге каршы күрөшүү борборунун дарыгерлери сөз сүйлөшүп, оорунун алдын алуу боюнча кеп-кеңештерди беришти. Иш-чара студенттер жана окуучулар тарабынан даярдалган флешмоб менен коштолду.

Ошондой эле акциянын катышуучуларынын СПИДге каршы уюштурулган көргөзмөсү менен тааныштырылды. Акциянын активдүү катышуучуларына сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×