Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуКочкор району 30.11.2019 10:24

29 жаштагы Б.Бообек уулу Кочкордогу Ш.Рысмендеев атындагы мектебинин директору болду

Болот Бообек уулу
Болот Бообек уулу

Turmush -  Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл аймагына караштуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебине Болот Бообек уулу директор болуп дайындалды. Буга чейин мектептин директору болуп иштеп келген Алма Асанова ардактуу эс алууга узатылды.

Болот Бообек уулу 1990-жылдын 10-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынып, аны 2007-жылы аяктаган. 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетине тапшырып, аны 2012-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. 2012-жылы Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебине тарых мугалими болуп кабыл алынып, ушул эле жылы аспирантурага тапшырып, аны 2015-жылы аяктаган.

2016-жылы Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. «Билим ордо» коомдук интеллектуалдык фондунун мүчөсү. 2012-жылдан бери Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп эмгектенип келген. Ондон ашык илимий макалалардын автору. Тарыхый жерлерге саякатка чыгууга кызыгат. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×