Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусу, Нарын 29.11.2019 13:30

Нарын шаарынын тургундары электр энергиясы боюнча кайрадан жыйынга чогулушту

Turmush -  Нарын шаарынын тургундары электр энергиясына болгон жеңилдиктер боюнча кайрадан жыйынга чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 29-ноябрда өткөн жыйынга 400дөй тургун, өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Алымкулов, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» АККнын жетекчиси Айтмамат Назаров, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашев катышты. Жыйынга чогулган эл тоолуу аймактарга кышкысын жеңилдик катары берилүүчү 1000 кВт электр энергиясын 3000 кВт кылып көтөрүү боюнча талап коюшту. Ошондой эле электр энергиясынын баасы жайы-кышы бирдей болушу керектигин айтышты. Жыйындын соңунда өкмөткө эки талап жөнөтүлөрү белгилүү болду.

Тургундар бул маселе 10-декабрга чейин чечилип, жообу келиши керектигин, эгер андай болбосо тынчтык митингге чыга турганын билдиришти.

Тема боюнча: Нарын шаарынын тургундары электр энергиясы боюнча жыйынга чогулушту

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×