Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусу, Нарын 29.11.2019 10:52

Айыл турмушу: И.Баякматованын окуучулары менталдык арифметикадан ийгиликтерди жаратууда

Turmush -  Нарын шаарынын 48 жаштагы тургуну Индира Баякматова бир топ жылдардан бери мектепте талбай иштеп, башталгыч класстардын окуучуларына билим берип келе жатат. Аймактык кабарчы мугалимдин иши менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 1971-жылы төрөлгөн. Балалык чагы айыл жеринде өтүп, Ача-Кайыңды айылындагы мектепти аяктаган. 1990-жылы Нарын педагогикалык окуу жайынан билим алып, мугалимдик кесипке ээ болгон. Эмгек жолун Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектебинен баштады. 2008-жылы Нарын мамлекеттик университетинин орус филологиясын аяктаган.

«Ата-энелер менен такай тыгыз байланышта болуп, алардын балдарына дайыма көңүл бурууну талап кылам. Себеби ата-эне баланы мектепке жөнөтүп коюп, андан чоң нерсени күтүп отурбастан аны менен жакын мамиледе болушу керек. Кесибимдин арты менен канчалаган балдарды окуттум. Көптөгөн окуучуларым менен сыймыктанып келем. Мектептин жашоосу мен үчүн жараткандан чоң белек деп эсептейм. Себеби мектепке барбай чыдап отура албайм. Классым түштөн кийин окушса дагы эрте барып, сабакка даярдык көрөм. Союздун тартиби дагы ошондой болуп, ага көнүп калганбыз», - деди каарман.

Ал башынан кечирген кызыктуу окуялардан айтып берди.

«Классымда окуган эки бир тууган бир күнү сабакка келбей калышты. Эртеси себебин сурадым. Алар «чоң атамдын үйүнө бардык эле, келе албай калдык» деп жооп беришти. Чоң атасы менен чоң апасын таанычу элем. Кийинки күнү алардын калп айтканын сезип, «чоң атаңдан сурадым, силер үйүнө барбаптырсыңар» десем чындыгын айтып беришти. Көрсө чоң атасы менен чоң апасына сабакка барабыз дешип, сабак бүткүчө муз тээп ойноп жүрө беришиптир.

Бир топ жылдан бери насаатчы болуп келем. Иш пландын негизинде жаш мугалимдер менен иш алып барам. Жыйынтыгында ийгиликтерин көрүп сүйүнөм. Окуучуларымдын дагы билим көрсөткүчү бийик болсо кубанам.

Мектеп – экинчи үйүм. Райондук, облустук сыйлыктарга ээ болуп, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйлангам», - деди ал.

Мугалим учурда Нарын шаарындагы Э.Ибраев атындагы орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштөө менен бирге башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аткарат. Кесиптештерин дайыма билимдерин жогорулатууга үндөп, ар кандай семинарларга тажрыйба алмашып турууга жиберет. Ошондой эле менталдык арифметика боюнча балдарга кошумча билим берип келет. Аталган сабак боюнча атайын даярдыктан өтүп, сертификаттын ээси болгон. Окуучулары эл аралык олимпиадаларда алтын, күмүш жана коло медалдардын ээси болушкан.

Өмүрлүк жолдошу Жаманов Иличбек ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп ардактуу эс алууга чыккан. Мугалим айым 2 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×