Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 28.11.2019 17:41 На русском

Кызарт ашуусунда жол тыгын жаралды. Видео

Turmush -  Жумгал—Кочкор жолундагы Кызарт ашуусунда унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу көмүр тарткан айдоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, бузулган унаалар жолдун ортосунда калып, жол тыгыны пайда болгон.

«Жол тар. Оор жүк тарткан унаалар бузулуп, жолдун ортосунда калган. Мындан улам ушундай көрүнүш жаралды. Кеминде 100гө чукул көмүр тарткан унаалар жол тыгында калышты. Мындай абал кечээ, 27-ноябрда болду. Бүгүн, 28-ноябрда таңда тыгын жаралды», - деди ал.

Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошевдин маалыматы боюнча, унаа тыгыны бүгүн, 28-ноябрда эртең менен 1 саатка созулган.

«Жолчулар тарабынан бузулган унаалар четке чыгарылды. Ушул тапта жол ачык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×