Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусу, Нарын 28.11.2019 17:24

Нарында жаштардын көйгөйлөрү талкууланды

Turmush -  Нарын шаарында жаштардын маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 28-ноябрда Нарын шаарындагы орто мектептердин мугалимдери жана окуучулары, Нарын ОИИБдин кызматкерлери, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин мугалимдери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жаш активисттердин катышуусунда талкуу уюштурулду. Анда негизги көйгөй катары билим берүү тармагындагы маселелер талкууланды.

«Талкуунун жүрүшүндө окуучуларга туура кесип тандоого багыт берүү, билим берүүнүн учурдагы абалы, мектептердеги окуучулардын ролу талкууга алынды. Эң негизги маселе катары ар бир орто мектептерде окуучулар менен иштеше турган атайын психологдун жоктугу, аларга туура кесиптик багыт берүү боюнча атайын иштер жүрбөй жатканы айтылды. Талкуунун соңунда сунуш-пикирлер жана чечүү жолдору катары протоколдор түзүлүп, тийиштүү тармактарга берилмей болду», - деди уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×