Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуКочкор району 28.11.2019 13:36

Кочкорлук окуучу менталдык арифметика боюнча эл аралык мелдеште алтын тагынды

Turmush -  Кочкор районундагы Туз айылынын Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинин окуучусу Аймир Чынарбеков менталдык арифметика боюнча Казакстанда өткөн эл аралык мелдештен алтын медаль менен келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ал 7 мамлекеттен барган 507 окуучунун арасынан алдыга суурулуп чыга алган.

«Неберем Аймир 2018-окуу жылынан бери эле менталдык арифметиканы окуп келе жатат. Баланын ой жүгүртүүсүндө, логикалык тапшырмаларды аткарууда кыйынчылык болбой калды. Быйылкы окуу жылында эл аралык олимпиадага Казакстанга барып, алтын медаль тагынып келди.

Олимпиадага барып келгенден кийин чет тилдерин өздөштүрүп, жакшы окушум керек экен деп калды. Бардык ата-энелерге балдарга менталдык арифметиканы окутуу керек деп айтат элем», - дейт чоң апасы Бурулкан Корчиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×