Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусу, Нарын 28.11.2019 08:45 На русском

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Нарынга иш сапары менен келди

Turmush -  Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероник Ульманн Нарын облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Вероник Ульманн Мартини кабыл алды. Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов Кыргызстан эгемендик алгандан бери Швейцария менен тыгыз кызматташып, ири инвестициялар тартылганын, мисалы, Нарын шаарынын таза суу жана канализация системасын реконструкциялоо жана Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо долбоорлорунун негизги донору Швейцария банкы экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Вероник Ульманн Марти Нарын шаарындагы таза суу жана канализация тутумдарын алмаштыруу боюнча ишке ашып жаткан долбоордун экинчи фазасы да колдоого алынарын, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо жумуштары улантыларын белгиледи. Ошондой эле Нарын облусунун приоритеттүү багыттарына кызыкты.

Нарын облусунун жетекчиси облуста эт, сүт сыяктуу айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү, балды экспорттоо, тоо-кен байлыктарын өндүрүү, Нарын дарыясына ГЭСтерди куруу жана туризм тармагы боюнча чоң потенциал бар экенин билдирди.

Эки тараптуу баарлашууда аталган багыттар боюнча инвестиция тартуу, мындан ары тыгыз кызматташуу боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×