Нарын—Орук-Там жолу жазга чейин жабылды
Turmush - Нарын районуна караштуу Нарын—Орук-Там унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Нарын—Орук-Там жолунун 45-75-чакырым аралыгында кар көчкү коркунучу күтүлүп, тейлөө мүмкүнчүлүгү болбогондугуна байланыштуу жана жол жүрүүдө адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 25-ноябрынан 2020-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылып, транспорт каттамынын жүрүүсүнө тыюу салынган.
«Ушуга байланыштуу райондогу №8 жол тейлөө мекемесине тиешелүү участокторго атайын жол белгилерин орнотуу жана жүргүнчүлөрдүн жол жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн ЖКККБ менен биргеликте иш алып баруу тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком