Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.11.2019 16:51

Ак-талаалык жубайлардын кирпич менен чогуу жаралган сүйүүсү

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургундары Орозбек Султангазиев менен Сонунбүбү Кулманбетова.

Алар кирпич заводунда иштеп жүрүп баш кошушкан.

Орозбек Султангазиев 1962-жылы 11-февраль күнү туулган. Убагында кирпич заводдо жөнөкөй жумушчудан тарта мастер болууга жетишкен. Учурда жол тейлөө ишканасында кароолчу болуп эмгектенүүдө. Ал эми жубайы Сонунбүбү Кулманбетова 1966-жылы 29-август күнү туулган. Учурда ишкерлик менен алектенет. Жубайлардын 1 уул, 3 кыз жана 7 небереси бар.

О.Султангазиев: - Кирпич заводу 1982-жылы курулуп, иштей баштады. Завод курулгандан тарта кыйрап калганга чейин ошол жерде иштедим. Жубайыма болгон сүйүү кирпич заводдон башталды (күлүп). Ал жактан Соня менен таанышып калдым. Ал дагы кирпич заводдо иштеп калды. 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Жылдызыбыз келишип, үйлөнүп алдык. Соня мени сүйүп калыптыр. Баш кошуп бирге түтүн булатканыбызга 33 жыл болду. Сүйлөшүп жүргөн 3 жылды кошкондо 36 жыл болуп жатпайбы.

С.Кулманбетова: - 10-классты бүткөндөн кийин журналист болом деп көп аракет жасадым. Окуйм деп Москвага чейин бардым. Бирок окууга өтпөй калдым. Иштей турайын деп кирпич заводуна жумушка кирдим. Кирпич жыйнап иштедим. Жок ай, мен сүйгөн эмесмин. Ороз сүйчү.

О.Султангазиев: - Бирге иштеп жүргөндө Соняга көп жардам берчүмүн. Азыркыга чейин деле жардам берем. Соня жумуш деле кылган жок. Суудан бери ташып берчүмүн. Жаш кезде Соняга жакшы эле «кошомат» кылдым. Ичеги-карын артканды кийин эле үйрөндү.

С.Кулманбетова: - Ороз мектепте жалаң «5» деген баага окуп, «отличник» экен. Аны кийин күбөлүгүнөн көрдүм. Мен анда-санда «4» алып калчумун. Азыр уулум жалаң «5» деген баага окуйт. Атасын тартып калыптыр.

Бири-бирин тамашага салган жубайлар кирпич заводдо иштеп жүргөн учурдагы окуялардан баяндап беришти.

О.Султангазиев: - Эртең менен саат 08:00дө жумушта болуп калышың керек. Бизде илгерки сары автобустар бар эле. Ошол автобус менен үйүбүзгө келип алып кетишчү. Күнүгө 16 миң кирпич чыгарчубуз. Планды 5 саатта болобу, 3 саатта болобу, кыскасы аткарып, кайра үйгө жөнөчүбүз. Тамактануубуз абдан жакшы болчу. 15 күндө бир кой союлчу, күндө 40 литр сүт, нан берчү. Ал кезде талон деген бар эле. Талон менен 1-2-3-тамакты ичет элек.

Коммунисттик партияга талапкер элем. «Жаштарга шарт түзүп берүү керек. Кызыл бурч уюштуруу зарыл» деп заводдун жетекчиси Кыдыраалы Мамбеталиевге айтсам, ал киши «жумуш кычап жатса, план толтуруш керек» деп аркы-беркини айтты. Анан экөөбүз уруша кеттик. Ошондо мен иштебейм деп кетип калдым. Колхоздо кайнагам Кудайберген бригадир болчу. Ал кишиге себебимди түшүндүрүп, курулушка иштеп кеттим. Бир күнү партиялык комиссияда иштеген Токтокуев, партиялык комитеттин төрагасы Балбаев келди. Ал кезде талапкерди жумуштан бошотууга болбойт экен. Райкомдун секретары Камчыбек Кадыралиевге заводдун жетекчиси экөөбүздү алып кирип, колубузду кыса кармаштырышып, элдештиришти. Ошону менен кайра иштеп калдым. Кийин завод жоюлганда көптөгөн курулуш иштерде иштеп жүрүп, эми минтип жаш курак өткөндө кароолчу болуп эмгектенип жатам. Ошол заводго радио, шахмат, теннис столун алып беришти. Ошондо стол үстүндөгү теннис ойноону баарына мен үйрөткөм. Мен дагы окубай калдым. Окуп, диплом алып койгонумда заводго директор болмокмун. Бирок мастер болдум. Мастер заводдогу төртүнчү тепкичтеги жетекчи болчу.

Заводдо кирпич жыйнап иштеп, облустук кеңешке депутат болгон С.Кулманбетова 1 күндө 30га чукул вагонго кирпич жыйнаганын айтат.

С.Кулманбетова: - Мен кирпич тизип иштечү элем. Лента менен келе жаткан кирпичтерди алып, вагонго тизчүбүз. 1 кирпичтин салмагы 5-6 килограмм болчу. Бир күндө 30га жакын вагонго кирпич жыйначу элек. Акча таап окууга өтөм деген ой менен заводдо иштеп, акчамды чогултуп алып окууга кетем. Өтпөй калып кайра келем. 3-4 жолу аракет кылдым. Ошентип окубай калдым. Кийин завод жоюлуп кеткен соң соода кылдым. Самсы, пирожки жасап саттым. Жалданып шырдак шырып иштедим. Жасабаган жумушум калган жок.

Бир күнү «Аристотель» маалымат борбору ачылды. Ал жакка барып жумуш сурасам, пол жууганга жумуш бар дешти. «Макул, иштей берем» деп, ал жакка пол жуугуч болуп ишке орноштум. Пол жууп жүрүп ал жердеги компьютерлерди карап алып кызыгам. Кайсы компьютер бошосо эле барып отура калам. Жаш балдар иштейт. Аларды «үйрөтүп койчу, бул кандай?» деп тажатам. Кийин жаш балдар ал жерден чекесинен кетип калышты. Мен калдым. Ошону менен борбор менин колума тийип калды.

Азыркы учурда сүрөт тартам, грамота, ыраазычылык каттарды жасалгалап чыгарып берем. Кудайга шүгүр, жакшы иштесем бир күндө миң сомго чейин каражат табам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×