Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуКочкор району 29.11.2019 14:48 На русском

Сүрөт — Кочкорго «конокко келген» аюу сымал кыргыз дөбөттөр

Turmush -  Кыргыз дөбөтүн багып келе жаткан Чыңгыз Сейитбеков анын артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Ал 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Комсомол айылында туулган. 12 жылдан бери тайган багып, үч жылдан бери кыргыз дөбөтүн багуу менен алектенип келе жатат.

Чыңгыз Сейитбеков Кочкорго тайганчылар менен жолугушууга дөбөтү менен кошо келген.

«Кочкорго кыргыз дөбөтүн алып келгем. Ит багууга кызыгып калганыма таятам Үркүн себепчи болду. Ал 1916-жылы эл Кытайга үрккөн жылы төрөлгөндүктөн аты Үркүн коюлуптур. Үркүн таятам өз айылын эки тайганы менен аңчылыкка чыгып багыптыр. Менин иттерге жана аттарга болгон кызыгуум тай жагымдан келди. 12 жылдан бери тайган багып келдим. Карышкыр да багып жүрдүм. Акыркы үч жылдан бери таза кандуу кыргыз дөбөтү жоголуп бараткандыктан аларды сактап калуу максатында бага баштадым.

Байыртадан эле кыргыздардын эки ити болгон. Биринчиси аң уулаган тайганы болсо, короо-жайын, мал жайын карай турган кыргыз дөбөтү болгон. Кыргыз тайганы бир айылды аңчылык менен багып келсе, кыргыз дөбөтү илгертеден мал багууда малчылардын алмашкыс жардамчысы болгон. Малды жакшы айдайт. Алар уурулардан, карышкырдан малды сактоо менен бирге душмандардан ээсин сакташкан.

Кыргыз дөбөтү аталарыбызга сырткы душмандар менен кармашууда жардам берген. Ар бир дөбөт бир жоокердин кызматын аткарган. Алсак, 1916-жылы Үркүн учурунда жазалоочу отряддар элди кыруу үчүн түн катып келгенде аларга кол салып жардам берип, куралсыз элибизди сактап калууга салым кошкон. Ошол кезде кыргыз дөбөтүнүн эң кичинеси 82 сантиметр, эң чоңу 90 сантиметр (бою) болгон. Үркүн жылында буларды кырып жиберип, майдаланып кетти. Совет доорунда дөбөт тукумундагы иттердин басымдуу бөлүгү атылып кеткен. Азыркы учурда дөбөттөрдүн эң чоңу 75 сантиметр, эң кичинеси 70-65 сантиметрге чейин жетет. Кыргыз дөбөтү өзүнүн сапатын, көркүн, көлөмүн жогото элек», - деди ал.

Азыр анда 3 канчык, 3 дөбөт бар.

«Бири үч жашар Басар, аны Баткенден алып келгем. Тажикстандан келген эки жашар Алакашка деген канчык, кыргыз дөбөтү Жолборс, Суусамырдан келген Төрт көз дөбөт бар. Буюрса кыргыз дөбөтүнүн өзөктүү тамыры түптөлүүдө. Жакында ата-бабалардан калган дөбөттү өстүрүп чыгам деген ойдомун.

Кыргыз дөбөтү азайып кетти. Былтыр Эгемендүүлүк күнүндө көлдүн сырткы жайлоолорунан 1 канчык алып келип Ошко жибердим. Дөбөттүн эң тазасын Фергенадан тапса болот. Кыргыз дөбөтүнүн «Алабайдан» айырмасы жеңил жана чапчаң болгонунда. «Алабайдын» көздөрү агып турат, моюндары, ооздору шалбыр болот. Ал эми кыргыз дөбөттөрү моюну ачык, көздөрү топчу көз болот. Ата-бабаларыбыз «айбатынан кайтпаган аюу сымал карышкар жаак» деп баа беришкен. Башынын чоңдугун, кабагын, желкесинин кенендигин аюуга салыштырышкан. Ал чыдамкай, тайманбас, карышкыр менен жакшы алышканы менен айырмаланат. Дөбөт достукту сүйүп, адамды жөнү жок каппайт. Айрыкча жаш балдар менен жакшы дос болот.

Кыргыз дөбөтү мурдатан «Кыргыз дөөлөт», «Бөрүбасар», «Кыргыз дөбөт» деп үч аталышта аталган. Элибиз мал киндиктүү болгондуктан «дөөлөт алып келген ит» деп «Кыргыз дөөлөт» деп атаптыр. Дөбөттү саткан эмес, бирөөнө берген эмес, аны уурдап алып багышкан. Түнкүсүн короого тийген жырткычты басып, алып келгенден улам «Бөрү басар» аташкан. Дөбөт түнкүсүн дөбөгө барып жатып, карышкыр сыяктуу жырткычтан малды сактагандыктан «дөбөдөгү ит» деп жүрүп «дөбөт» аталышы келип чыккан.

Кыргыз дөбөтү жоголуу коркунучу турат. Кыргыз дөбөтү боюнча уюм жок. Азыр Кыргызстанда 70-75 гана таза кыргыз дөбөтү бар. Кыргыз дөбөтүн өстүрүүгө Баткен, Чаткал, Кызыл-Токой деген жерлерде көңүл бурулган экен. Көлдө жана башка жерлерде кыргыз дөбөттөрүн башка улуттагылар сатып кетип жатышат», - деди Чыңгыз Сейитбеков.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда 200гө жакын дөбөт бар. Кыргыз дөбөтүн көбөйтүүгө жана сактап калууга азырынча мамлекет көңүл бура элек. Бирок таза кандуу дөбөттөргө болгон кызыгуу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×