Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.11.2019 12:33

Эненин жүрөгү башкача, бала үчүн жаралган, - баатыр эне Г.Айтбаева

Turmush -  Гүлмира Айтбаева көп бала төрөп, баатыр эне болгон. Ал эненин жүрөгү балдар үчүн жаралган дейт.

Гүлмира Айтбаева Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылында 1962-жылы туулган. Мектепти аяктагандан кийин Ат-Башы кирпич заводунда иштеп жүрүп турмушка чыккан. Анын 5 кыз, 3 уулу жана 14 небереси бар.

10 балалуу болдук

- Жолдошум экөөбүз 10 балалуу болдук, экөө чарчап калды. Бири 1,5 жашында, экинчиси 3,5 жашында чарчап калды. Бул тагдыр экен.

Мектепти аяктап эле Ат-Башы районундагы кирпич заводунда иштеп калдым. Башында жумушчу болсом, азыр инженер болуп иштеп жүрөм. Айлыгыбыз иштегенибизге жараша болот. Айлыгым 5-6 миң сом. Андан сырткары 7400 сом пенсия алам.

Жолдошум аскерге кеткенде туугандардыкында жашап жүрдүм

- Жаш кезимде балдарды төрөп, аларды өстүрүүдө, окутуп, өз алдынча кылууда көп эле кыйынчылыктар болду. Жаңы турмушка чыкканда жолдошум аскерге кетти. Мен болсо өзүмдүн бир тууган эжемдикинде, кээде кайненемдикинде жүрдүм. 1983-жылы жолдошум аскерден келип өзүнчө бөлүндүк. 1979-жылы 1-январда биринчи баламды төрөдүм. Балдарымдын кичүүсү 1998-жылкы. Ал Дыйкан айылында турат.

Айылда баары берекелүү

- Шаарга барып жашай албайм. Айылда жашап көнүп алыптырмын. Абасы таза, баары берекелүү. Бишкекте болсо баары эле акча. Колуңда акча жок болсо ачка каласың. Балдардын баары үйлөнүп-жайланган, болгону 2 кызым турмушка чыга элек. Жай мезгилинде бардык неберелерим келип турушат. Кайра окуу башталганда кетишет.

Эненин жүрөгү башкача

- Эне балдары үчүн баарына даяр болот. Балдарым бир нерсе болсо жүрөгүм лакылдай баштайт. «Бир нерсе болду го» деп телефон чала баштайм. Эненин жүрөгү башкача, бала үчүн жаралган. Балдарыбыз жамандыкты көрбөсө экен. Жакшы жашаса экен деп тиленем.

Балдарымды сагынганда жетип барам. Алар айылга тез-тезден келип турушат. Бетимден өөп «ооруган жоксузбу? Эмне алып берейин» деп турушат. Өзүмдүн апам 86 жашта, баатыр эне. Азыр шаарда эң кичүү инимдин колунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×