Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 27.11.2019 11:17 На русском

Жамандыкка союлган жылкы үчүн чырдашкан жумгалдык туугандар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жумгал районундагы Чаек айылдык аксакалдар сотунда учурда 9 адам иштейт. Арасында аялдар да бар. Соттун мүчөлөрүнүн баары билимдүү жана коомдук иштерге активдүү катышкан көрүнүктүү адамдар. Алардын кичүүсү 60 жашта болсо, улуусу 80 жашта. Аймактык кабарчы аксакалдар сотунун иши менен таанышты.

Чаек айылдык аксакалдар соту райондук карыялар кеңешинин имаратында жайгашкан. Алар турган 2 бөлмөлүү кеңсе үчүн ижара акыны айыл өкмөтү төлөп турат.

Аксакалдар соту укуктары бузулган жарандарга жардам көрсөтүп, мыйзамдуулукту жана укугун чыңдоого көмөк берип, мыйзамды, үрп-адаттардан жана салттардан улам тарыхый жактан калыптанган адеп-ахлактын жана ыймандуулуктун ченемдерин урматтоого тарбиялайт. Ошондой эле алар ынандыруу жана коомдук таасир көрсөтүү, тараптардын жарашуусуна жетишүү жана республиканын мыйзамдары менен башка ченемдик актыларына каршы келбеген, акыйкат чечим чыгаруу жолу менен иштейт.

Чаектеги аксакалдар соту бир айда кеминде 20га чукул арыз-даттанууларды кабыл алышат. Аларга бир айдын ичинде 4-5 жолу кароо жүргүзүп, кадимки соттук отурум өткөрүү менен ар кандай чечимдерди кабыл алып турушат.

Аксакалдар сотунун төрагасы Күрүчбек Турускулов 1950-жылы Чаек айылында туулган. Ал кесиби боюнча юрист.

Турускулов Жумгал райондук социалдык фондунун башчысы болуп иштеп, бул тармакта 18 жыл эмгек кылган. Андан тышкары сот системасында өз кесиби менен иштеп, Жумгал райондук сотунда кеңешчиден соттун жардамчысына чейин көтөрүлгөн. Азыркы күндө пенсия куракка келгендиктен мамлекеттик кызматты өткөрүп берип, комендант болуп иштеп келет.

«Бизди бул кызматка Чаек айылдык кеңешинин депутаттары көрсөткөн. Учурда аксакалдар сотунун иш бөлмөсү бар. Өзүбүздүн демилгебиз менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөнбүз.

Ар бир жуманын шейшемби күндөрү арыз-даттанууларды кабыл алып, келерки жумага отурум коюп, соттук иштерди жүргүзөбүз. Бизге аймактык милиция кызматкерлери абдан жакшы жардам беришет. Алар биз таба албай жаткан күнөөлүүлөрдү, жоопкерлерди алып келишет. Бир айдын ичинде 4 соттук отурум өтөт.

Бизге келип түшкөн арыз-даттануулардын көбү — үй-бүлөлүк чыр-чатак, туугандардын мүлк талашуусу жана каражат меселеси. Андан тышкары органдар тарабынан келип түшөт. Биз аксакал катары өз чечимибизди чыгарып, коомдук таасир көрсөтөбүз. Айына 18-20 иш каралат. Ар бир отурумга атайын өздүк баракчалар ачылып, ич ара териштирүү менен чечимдерди чыгарабыз. Бардык иштерибиз, кыймыл-аракеттерибиз өзүбүздүн аксакалдар сотунун уставында көрсөтүлгөн. Кээ бири сурак учурунда өз ара пикирге келишет, кээ бири доого жыгылат, айрымдарына сөгүш же эскертүү беребиз», - дейт К.Турускулов.

Чаек айылдык аксакалдар соту тарабынан айрым доолор райондук сотко жиберилет.

«Бир окуяны айтып берейин. Жамандыкка соем деп, тууганынан карызга 1 баш жылкы алган Калыгулдун (ысымы өзгөртүлдү) үстүнөн арыз түшкөн. Жылкы берген Чынарбектин (ысымы өзгөртүлдү) арызы канааттандырылып, жылкысы өндүрүлүп берилген. Андан тышкары кой, уй алып, бирок бербей жүргөндөрдү да беттештирип өндүрүп беребиз. Биз доогер менен жоопкерди беттештирип, ишти карап, бир чечим чыгарабыз. Эгер биздин күч жетпесе аларды райондук сотко жиберебиз.

Бөлөк айылдарда соттун төрагасы менен катчысына айлык акы каралган. Бирок бизде төлөнбөйт. Анткени каражат жетишсиз деп келишет. Айылдык аксакалдар сотунун токтомунда жергиликтүү бюджеттен айлык акы төлөсүн деген бар экен. Биз муну бетке кармап, эч жакка кайрылган деле жокпуз», - деди ал.

К.Турускулов райондук, облустук администрациялардын ардак грамоталары, облустук сотунун ардак грамотасы жана 2018-жылы Кыргыз Республикасынын «Эң мыкты аксакалдар соту» сыйлыгы менен сыйланган. Социалдык фонддун отличниги «Кыргыз Республикасынын ардагери» наамы, аксакалдар сотунун медалы, райондук, айылдык кеңештин, айылдын, райондун жана облустун «Ардактуу атуул» наамдарын алган. Ошондой эле ИИМдин ардак грамотасы менен 2 жолу сыйланган.

Ал 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×