Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусу, Нарын 27.11.2019 09:41 На русском

8 жыл баласын көрбөгөн ата-эне: Педагог А.Өмүралиева миграциянын өспүрүмдөргө тийгизген таасирин айтып берди. Видео

Анаркүл Өмүралиева (оң жакта)
Анаркүл Өмүралиева (оң жакта)

Turmush -  Билим берүү тармагында 37 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Анаркүл Өмүралиева учурда социалдык кызматкер катары дагы мигранттардын, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына көз салып келет. Ал эл агартуунун отличниги. Буга чейин окуучуларын химия жана биология сабактарынан бир катар олимпиадаларга алып барып, байгелүү орундарды алууга жетишкен. Педагог А.Өмүралиева менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, ал 1959-жылы Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган. 9 бир тууган. Учурда Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет.

«Мектепте окуп жүргөндө “Максат” комсомолдук-жаштар бригадасында 1 жыл иштедим. 1977-жылы Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндердин педагогикалык институтуна барып, химия-биология бөлүмүндө окуп, окуу жайды 1982-жылы бүтүрдүм. Ошол жылы кайра эле өзүмдүн туулуп өскөн Миң-Булак айылынын мектебине мугалим болуп жумушка орноштум. 1984-жылы жашоо шартыма байланыштуу Күйбышев айылындагы орто мектепке которулуп, ал жакта 2 жылдай иштедим. Анан турмушка чыгып, Нарын шаарына келдим. 1986-жылы Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде иштеп калдым. 2000-жылга чейин мугалим, андан соң директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп 10 жыл иштедим. Учурда социалдык педагог катары иштеп жатам», - дейт А.Өмүралиева.

Ал экинчи жумушу тууралуу айтып берди.

«Баары өз ордунда. Пенсияга чыгып, дагы деле балдарга билим, тарбия берүүнүн үстүндө иштеп жатам. Азыр окуучуларды адеп-ахлак, адептүүлүккө тарбиялоо максатында жумуштарды жүргүзүп жатабыз. Социалдык педагог жоопкерчиликтүү кызмат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мигранттардын балдары менен иштейбиз. Атайын түзүлгөн программа бар, ошонун негизинде балдар жана ата-энелер менен тыгыз байланышта болобуз. Колубуздан келишинче балдардын көйгөйлүү маселелерин чечип берүүгө, аларга жардам берүүгө аракет кылып жатабыз», - дейт социалдык педагог.

А.Өмүралиева билим берүү тармагындагы эмгеги үчүн төш белги менен сыйланган.

«Жыл сайын облустук, шаардык масштабда мугалимдерге ачык сабактарды өтүп келдим. Окуучуларым жыл сайын олимпиадаларга барып, байгелүү орундарды алып жатышты. 1996-жылы "КРнын эл агартуусунун отличниги" төш белгисине ээ болдум. Кудай ден соолук берсе, дагы деле иштей берем», - деди ал.

Педагог окуучулар арасындагы көйгөйлөргө токтолду.

«Мен окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп жүргөндө балдардын арасында токсикомания көбөйүп кеткен. Балдар клей жыттап, стадиондордо жатып калган учурларда аларга көп түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Азыр мигрант болуп жүргөн ата-энелердин балдарына аябай көңүл бурабыз. Алардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. Быйыл жаңы окуу жылында чет өлкөгө кетип жаткан ата-энелер менен жолукпай калып жаттык. Бирок алардын баласын алып калган адамдан милдеттеме жаздырып алабыз. Мигрант ата-энелер балдарын туугандарына таштап кетишет, мугалимдер менен байланышпайт. Бала экинчи орунга калып калат. Айрым ата-энелер баласы жашап жаткан үй-бүлө ага кандай мамиле жасайт, бала эмне ичип-жейт деген ойлорго кайдыгер мамиле жасап жатышат. Өткөн жылдан баштап ишеним кат жана милдеттеме жаздырып алганга аракет кылып жатам. Милдеттеме алган ата-эне чын эле баласына көзөмөл жүргүзөт экен. Өткөн жылы Нарын шаарында мигранттардын балдарынын саны 25 болсо, быйыл ички жана сырткы мигранттардын балдарынын саны 48 болду. Кеткендер кетип жатышат, аларды биз токтото албайт экенбиз. Балдарды алып калган жакындары деле зыян көрсөтүшпөйт, бирок бала ата-энесин сагынат экен. Ичиндеги сырын ата-энесине айткысы келет. Мээрим жетишпей калат. Ата-энелер дагы мүмкүн балдарынын келечеги үчүн чет өлкөгө кетип жаткандыр. 10-15 жылдап кетип калгандар болот. Өткөндө бирөө “мен 8 жылдан бери баламдын чоңойгонун, баламдын күлгөнүн, басканын, сүйлөгөнүн көргөн жокмун” деди. Бала деле ата-энени алысыраак киши катары көрүп калышы мүмкүн. Мындан улам ата-эне менен баланын ортосундагы байланыш үзүлүп жатат», - деди А.Өмүралиева.

Анын жолдошу мектепте математик-физик болуп эмгектенген. Жубайлардын балдары жогорку билимдүү, үйлөнүп-жайланышкан. Алардын 3 баласы, 6 небереси бар.

«Жолдошум Тоймат Турапов Миң-Булак айылынын кулуну болчу. Экөөбүз 1986-жылы баш кошконбуз. Жолдошум дипломдук ишин Москвага барып жактап келген. 3 жыл мурун жүрөк оорусунан улам көз жумду. Ал 1978-жылдары Жданов атындагы орто мектебинде мугалим, 1980-жылы Нарын райондук комсомол комитетинин бөлүм башчысы, 1982-жылдары Миң-Булак орто мектебинин директору, андан кийин Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары жана партиялык уюмдун секретары болуп иштеген», - дейт Анаркүл апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×