Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 26.11.2019 17:45

Жумгалда контейнерлерден мамлекеттик мекеменин имараты курулат. Эл эмне дейт?

Turmush -  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жумгал райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы аталган түзүмдүн имаратын куруу үчүн Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын батыш тарабынан жер бөлдүрүп алышты.

Буга чейин жер бөлдүрүү маселеси Чаек айылдык кеңешинин жер комиссиясынын отурумунда каралып, айыл өкмөт башчысынын жерди менчикке берүү боюнча буйругу чыккан. Жумгал райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы учурда аталган жерге темир контейнерлерден кеңсе куруу алдында турат. Бирок мындай кеңсенин курулушуна каршы болгон активисттер менен эл өкүлдөрү райондун көркүн бузган имараттар салынбай эле койсо деген пикирде.

Чаек айылдык аксакалдар сотунун мүчөсү, пенсионер, мурдагы айыл өкмөт башчы Эрке Акматжанова райондун борборунун көркү эске алынбай, жерлер иретсиз берилип жатканына нааразы.

«Контейнерлердин борбордук көчөгө коюлушу уят. Жалгыз көчө болсо, анан ушул контейнерлерди тизип коебузбу? Биринчи кезекте борбордук көчөдөн контейнерлерди жоготуш керек.

Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы эч нерсеге көңүл бурбагандыктан бардыгы борбордук көчөгө сүйрөп чыгып жатышпайбы. Өздөрү дагы темир контейнерлерден имарат курабыз деп жатышыптыр. Сынактын негизинде курганы жатабы же аукцион өткөнбү? Балким жакшыраак куруп кое турган мекемелер бардыр», - деди Э.Акматжанова.

Чаек айылдык кеңешинин депутаты Алтай Муталиев бул жерди архитектура жана шаар куруу башкармалыгына берүүгө каршы чыккан депутаттардын бири. Анын айтымында, жерди архитектура башкармалыгы эле эмес, райондук прокуратура кызматкерлери дагы имарат куруу үчүн сурашкан.

«Мен дагы жер комиссиясынын мүчөсүмүн. Бул жерди архитектура башкармалыгы менен прокуратуранын кызматкерлери сурап келишкен. Ал жерди унаа токтоочу жай кылалы дегенбиз. Себеби, райондун борборунда унаа тыгыны жаралып жатат. Ошондуктан 3 жаш депутат каршы чыкканбыз. Анын ичинен мен макулдук бербей койгом. Берки эки жаш депутат калыс пикирлерин билдиришкен. Калгандар макул болуп, жер чечилип кеткен. Ошондо райондун борборунун көркүн бузбай, 2-3 кабаттуу имарат курулсун деп айтканбыз.

Бул жерде туура эмес имараттын пайдулабы курулуп жатат. Келечекте жакшы деле имарат болбойт. Негизи буга каршы турушубуз керек», - деди А.Муталиев.

Айылдык кеңештин депутаты Марат Оторбаев: «Чынында бул жайды архитектура жана шаар куруу башкармалыгына берүүгө каршы болуп келгем. Негизи бул жер акимчиликтин короосу болчу. Унаа тыгыны пайда болуп, көчөгө батпай жаткандыктан унаа токтоочу жайы кылалы деп район акими Адыл Сапаров менен сүйлөшкөнбүз. Анын негизинде акимчиликтин короосун кыскартканбыз. Андан кийин архитектурага имарат куруу үчүн берилип кетти. Мен негизинен каршы элемин, бул жай унаа токтоочу жай болсо жакшы болмок», - деди.

Акимдин мурунку орун басары Динара Асанова буларга токтолду.

«Жумгал районунун борбору бүт эле контейнерлер, башка эч нерсе көрө элекмин. Акыркы жолу банктар курулган. Андан башка көрктүү имарат курула элек. Эми бул жерге контейнерлерден имарат курулса, нарындыктар дагы бир ирет анекдот болот экенбиз. Бул жагы жайма базар, каягына салышат? "Чолоктой" кылып пайдубалын тургузуп коюшту. Унаалар сүзүп алып жатышат. Эми анчалык курулуш жасап жаткандан кийин айланасын тосуп коюш керек. Бул жерге унаа эмес, жөө киши чалынат. Бул жерге уруксаты жок эле суу сарыктыруучу жай (септик) жасашыптыр. Мен ушул жерге жакын жашайм. Жашоочулардын баары каршы болуп, нааразычылыктарын билдиришкен. Себеби, жердин баарын суу каптап, чоң көчөгө чейин аккан. Эми түтүк коюп, суу чыгарып коюшуптур. Анысы аз келгенсип унаа жуучу жай болуп калды.

Бул жерге унаа токтоочу жайын жасайбыз деп акимияттын тосмосун кыскартып, бак-дарактарды кыйып даярдашкан болчу. Бирок имарат курууга берип салышыптыр. Бир эле борбордук көчө бар, ага көрктүү имарат курулса жакшы болмок. Мен мисалы каршымын», - дейт ал.

Райондук мамлекеттик администрациянын батыш тарабындагы алма бак жана бак-дарактар унаа токтотуучу жай болот деп бир жыл мурда кыркылып, акимчиликтин короосунун аянты кыскартылган. Кийин бул жер шаар куруу башкармалыгына берилгенде район акими Адыл Сапаров дагы нааразы болуп, акимчиликтин короосун кайра узартып тосо турганын кошумчалады. Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов жер чечилип берилгенин, бирок темир контейнерден имарат курууга каршы экенин айтты.

Ал эми шаар куруу башкармалыгынын башчысы Эльмира Ашырбаев 9 млн сомдук 2 кабаттуу имараттын долбоору түзүлгөнүн, бирок ал имаратты курууга башкармалыктын чама-чаркы чак келбей турганын белгиледи.

«Биз айыл өкмөттөн 5,16 чарчы метр жер алганбыз. Мекемелерге жакын жер бөлүп берүүңүздөрдү суранабыз деп, арыз менен кайрылып киргизгенбиз. Ошол арызды 3 ай карап, жер маселесин чечип беришти. Имаратты контейнерден деле нормаларын сактап курсак болот. Биздин долбоорубуз боюнча 2 кабаттуу имараттын эскиси даярдалган. Бирок тилекке каршы анын сметалык баасы кымбат болуп жатат. Көрктүү имарат куруу үчүн 9-10 жылдай убакыт керек экен. Биз өзүн-өзү каржылаган мекемебиз. Имаратты өзүбүз курушубуз керек. Учурда варианттарды ойлонуп жатабыз. Аталган жер унаа токтоочу жай болуп турат. Азырынча эч нерсе баштала элек. Пайдубал куюлган эмес. Долбоор аягына чейин иштелип бүтө элек», - деди Э.Ашырбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×