Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.11.2019 12:40

Ат-Башыда бир боо чөп 200 сомдон жогору сатылууда

Turmush -  Ат-Башы районунда бир боо чөп 210 сомдон сатылууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жашоочулардын айтымында, жай мезгилинде бир түк чөп 150 сом болсо, учурда 200 сомдон жогору болуп жатат.

Ат-Башы районуна караштуу Жибек-Жолу конушунун тургуну Эсен Иманалиев: «Кошунам башка жерге көчүп жатканда чөбүн сатты. Мен андан 200 сомдон 150 боо чөп сатып алдым. Эми дагы 200 боо чөп керектелет. Базарда 210 сомдон сатылууда», - деди.

Ат-Башы айылынын тургуну Байыш Койчуев: «Жылда чөп сатчубуз. Быйыл начар болуп саткан жокпуз. Азыркы тапта чөп 170-200 сомдон болууда», - деди.

Ат-Башы айылынын тургуну Казыбек Кулуев: «Жайында 160 сомдон алгам, азыр 200 сомго чыгып кетиптир. Быйыл чөп аз болуп калгандыгына байланыштуу кымбаттап кетти деп ойлойм», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×