Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 26.11.2019 09:01 На русском

Нарындын Жер-Көчкү айыл аймагынын тургундары өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча сабак алышты

Turmush -  Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айыл аймагынын жашоочуларына өрттүн алдын алуу жана өзгөчө кырдаалда өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Лахол жана Жер-Көчкү айылдарында болушуп, элге өрт убагында өзүн алып жүрүү эрежелери жөнүндө сабак өтүп, өрт өчүрүүдө колдонулуучу жабдыктар менен тааныштырышты. Тургундар өз суроолоруна жоопторду алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×