Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 26.11.2019 08:26

Нарындагы ветеринарларга баасы 1,6 млн сомдук атайын унаа тапшырылды

Turmush -  Нарын районунун ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын инспекциясына дезинфекциялоочу «УАЗ» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды. Бул тууралуу аталган инспекциянын жетекчиси Тазабек Мамыров билдирди.

Анын айтымында, баасы 1 млн 600 миң сомдук унаа «Мал чарбасын жана айыл чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун колдоосу менен алынды. Унаа менен кошо келген жабдык ачык жана жабык типтеги кампаларды зыянкечтерден тазалоо жана жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн колдонулат. Жаңы келген техниканын ачкычын ветеринарларга Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Касен Азисов салтанаттуу түрдө тапшырды.

Ушул эле долбоордун колдосунда Чет-Нура, Жан-Булак жана Сары-Ой айыл аймактарында типтүү уй сарайлар курулду. Алар асыл тукум уйларды багууга ылайыкташтырылып, ветеринарлардын ишин жакшыртууга багытталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×