Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.11.2019 14:45 На русском

50 жашында кайнатасынан уялып, каалганын артына жашынган Мария апа

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын бул жолку каармандары — Мария Нургазиева менен Эсен Иманалиев.

Ат-Башы районунун Жибек жолу конушунун тургундары Мария Нургазиева менен Эсен Иманалиевдин бирге түтүн булатканына быйыл 54 жылдын жүзү болду. Алар бул жылдар аралыгында 2 уул, 5 кыз, 24 небере жана 15 чөбөрөлүү болууга жетишкен. 2017-жылы Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан «Өрнөктүү жубайлар» наамына татыктуу болушкан.

Мария Нургазиева 1948-жылы 12-майда Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында иштеген. Андан соң ошол багытта билим алып, сертификатка ээ болгон. 2017-жылы «Баатыр эне» наамын алды.

«Ой-Терскен орто мектебинде окудум. Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга барып, бирок өтө албай калдым. Себеби, ал кезде деле азыркыдай акча берип, анан окууга өтүү деген бар болчу. Бир жагынан таанышым жок болуп калды. Жолдошум экөөбүз 1965-жылы таанышып, баш коштук. Ал менден 9 жашка улуу. Ошол кезде жолдошум Нарында почтада иштечү. Ошол жерге жумуштап барганда мени бир көрүп жакшы көрүп калыптыр. Дароо эле “мен сени жактырып калдым, үйлөнөлү” деди. Ошентип үйлөнүп калдык. Ашып кетсе 2-3 ай сүйлөшүп, андан кийин баш коштук. Көп жылдан бери турмуштун ысыгына дагы, суугуна дагы чыдап, бирге түтүн булатып келе жатабыз.

Мурда келиндер улуулардан ийменчүбүз. Жумушка чыгып баратканда жоолукту эч ким кимге көрсөтпөй чечип, кайра үйгө келе жатканда салынып алчумун. Бир күнү шашып келип, чай ичейин деп отуруп калдым. Ошол маалда кайнатам кирип келди. Эмне кыларымды билбей калдым. Кирерге жер же жоолук таппай, каалганын артына жашынып калгам. Атам аябай тушүнүктүү адам болчу. Милиция кызматкери болуп иштечү. “Балам, отура бер. Менден уялбай эле кой, түшүнөм” деди. Эки бетим кызарып эле отуруп калдым. Ошондо мен 50 жашта элем. Кайнене деп айтпай, “ата, апа” дечүбүз, азыркылар кайненем деп жатышпайбы», - деди ал.

Эсен Иманалиев Ат-Башы районунун Дыйкан айылында 1939-жылы туулган. Ал 25 жыл почтада иштеп, пенсияга чыккан.

«7 жашымдан кийин Ат-Башы айылында окуп калдым. Алгач айылга гезит ташып иштедим. Ак-Сай, Арпага чейин барчубуз. Почтада болжол менен 25 жылдай иштедим. 1992-жылдан бери мал чарба менен жашап жатабыз. 55 жашымда пенсияга чыктым.

Жашообузда өйдө-ылдый, талаш-тартыш болгон жок. Жубайлар жакшы мамиледе болуп, бири-бирине акарат келтирбесе уруш-талаш болбойт. Ичип алып, өйдө-төмөн сүйлөсө аялдан дагы тил чыгат. Итти деле “чык” десең ыркырайт да. Мүмкүн болушунча ырас эле жашаптырбыз. Ушул убакытка чейин жубайымды бир дагы жолу таарынтып, көңүлүн калтырган жокмун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×