Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.11.2019 12:23

«Rendom Group» курулуш компаниясынын башчысы М.Райымовдун ийгилиги жана ал жасаган иштер

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунан чыккан жеке ишкер Мирбек Райымов «Rendom Group» курулуш компаниясын негиздеп, кыргызстандыктар үчүн бардык ыңгайлуу шарттары бар 5 кабаттуу үйлөрдү куруп келет. Андагы батирлер 10 жылдык мөөнөткө ипотекага дагы берилет.

Ийгиликтүү ишкердин үй-бүлөсү жана эмгек жолу

Райымов Мирбек Кубанычбекович 1984-жылы 18-апрелде Баетов айылында туулган. 1991-2001-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде билим алган. 2003-жылы аскерге чакырылып, жоокердик милдетин Нарын облусундагы №546 танк бөлүмүндө өтөгөн. Андан соң 2005-2007-жылдары Бишкекте май куюучу жайларды куруп, курулуш тармагында мастер болуп эмгек жолун баштаган.

2008-жылы Ат-Башынын кызы Нагиза Курманалиевага баш кошкон. Ал учурда үй кожойкеси. Бактылуу жубайлар 3 кыздын ата-энеси. Улуусу Айбийке 2-класста окуса, ортончусу Алия 5 жашта. Кичүү кызы Жаңыл 3 жашка толду. Анын ысымын кийинкиси уул болсун деген тилек менен Жаңыл деп коюшкан.

Мирбек Райымов 2008-жылы өзүнүн алгачкы бизнесин колго алып, эмерек жасоочу цех ачкан. Цехинде эмеректердин түрүн жасап чыгарган. 2010-2012-жылдары кийим тигүү цехин ачкан. 2013-жылы 2 кабаттуу таунхаустарды курууну чечкен. 2014-жылы «Rendom Group» курулуш компаниясын негиздеп, ушул жылы 2 кабаттуу 6 таунхаус курууга жетишти. Көптөгөн кыйынчылыктар менен курулган 6 таунхаусту саткан соң, 5 кабаттуу заманбап үйлөрдү курууну колго алган.

Бишкектин ортосундагы 5 кабаттуу үйлөр

Бизнесин өркүндөтүү максатын алдыга койгон жеке ишкер М.Райымов 5 кабаттуу үйдөн экини курду. Биринчи үйдө 1 бөлмөдөн турган 32 батир, экинчи үйдө 48 батир курулган. Батирлердин эң кичинеси 35 чарчы метр болсо, эң чоңу 44 чарчы метрди түзөт. Учурда үчүнчү жана төртүнчү турак үйлөрдүн курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Алардын ар биринде 32 батир бар. Бул үйлөрдөгү батирдин аянты 35 чарчы метрден 63 чарчы метрге чейин. Алар 1 жана 2 бөлмөлүү болуп курулууда. Бул үйлөр 5 кабаттуу гана эмес жер төлөсү менен 6 кабаттуу десек дагы болот. Үйлөр мурунку Алматы жана И.Ахунбаев көчөлөрүндө жайгашкан.

Батирлер чарчы метрине жараша бааланат.

- 34 чарчы метр 1 бөлмөлүү батир 17 000 доллар;
- 36 чарчы метр 1 бөлмөлүү батир 18 000 доллар;
- 43 чарчы метр 1 бөлмөлүү батир 21 500 доллар;
- 46 чарчы метр 1 бөлмөлүү батир 23 000 доллар;
- 58 чарчы метр 2 бөлмөлүү батир 29 000 доллар;
- 63 чарчы метр 2 бөлмөлүү батир 31 500 доллар.

Бизнестин көзүн тапкан ишкер Мирбек мырза экинчи курулган үйдү чыгармачыл инсандарга узак мөөнөткө ипотека менен берип жатат.

«Көбүнчө чыгармачыл адамдар батирде жашашат эмеспи. Аларга дагы колдон келген колдоомду көрсөтүп жатам. Экинчи болуп курулуп бүткөн үйдү жалаң чыгармачыл инсандарга бердим. Алар: "Айтыш" коомунун төрагасы Асылбек Маратов, опера ырчысы Тилке Найманбаев, "Музаман" тобунун солисти Аксай Мухамбет уулу, алып баруучулар Назира Айтбекова, Алтынбек Каленов», - деди М.Райымов.

Демөөрчүлүк иштер

М.Райымов чыгармачыл инсандарга, кичи мекени Ак-Талаа жергесине жана деги эле ак-талаалыктардын жакшы иштерине демөөрчү болуп, жардамын аябай келет. Алсак, ак-талаалык ырчы Каныкей Эралиеванын концертине, «Ракета» жана «Сүйүү керемет» аттуу кыргыз тасмаларынын тартылышына колдоо көрсөткөн. 2019-жылдын 23-июнь күнү Жаңы-Тилек айылында белгилүү обончу, аткаруучу Калмурат Рыскуловдун айкелин орнотуп берсе, Ак-Чий айылындагы «Нур-Эл» бала бакчасына жыл сайын колдоо көрсөтүп, балдар үчүн эмерек жана оюнчуктарды тартуулап келет. 23-ноябрда экинчи үйдүн жер төлөсүнөн 35 чарчы метр бир бөлмөлүү батирди ак-талаалык жаштарга кеңсе катары белекке берди. Мындан тышкары дагы көптөгөн колдоо көрсөтүп келүүдө.

«Кичинекей районубуздун элин ынтымакка чакыруу, жаштардын башын бириктирүү максатында жаштар ордосу түзүлүп, иш кеңсеси ачылды. Жаштарды ар дайым районубуздун белдүү ишкер агаларыбыз колдоп келишет. Ишкер агабыз Мирбек Райымов бизге иш кеңсе белекке берип, анын ачылыш аземи белгиленди», - деди жаш активист Кубанычбек Баялиев.

Алдыдагы пландар

5 кабаттуу үйлөрдү курган «Rendom Group» курулуш компаниясы алдыда 9 кабаттуу үйлөрдүү курууну пландап, учурда долбоорлор даярдалды.

Батир алууну каалагандар үчүн телефон номур: 0553 82 87 87

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×