Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуКочкор району 01.12.2019 19:15

Тарых инсаны: Кочкор райкомун жетектеген Ө.Носинов Сталиндин алкыш катын 2 жолу алган

Turmush -  Өмүралы Носинов Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кочкор райкомунун 1-секретары болуп иштеп, Сталиндин алкыш катына ээ болгон. Ө.Носиновдун өмүр жолуна аймактык кабарчы кызыгып көрдү.

Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы жылдарында (1940-1942-жылдары) Баян Аламанов Кочкор райкомдун 1-секретары болуп иштеп турган. 1941-жылы согуш башталып, 1942-жылы Баян Аламанов Чүй райкомуна бөлүм башчы болуп жөнөтүлөт. Анын ордуна КПСС БКнын чечими менен отузга жаңыдан толгон Өмүралы Носинов деген жигит дайындалат.

Өмүралы Носинов 1912-жылы Каракол (Пржевальск) уездинин чер токойлуу, чегедектүү Челпек айылында туулган. Улуту сарт-калмак болгон. Атасы Носин сарт- калмактардын тарыхын, санжырасын баласынын кулагына куюп үйрөткөн. Анын ата-теги 16-кылымдын экинчи жарымында жашаган кыргыздын моңолдор уруусунан чыккан Баакы, Ошур деген эки адамдан тарайт. Баакы, Ошур жигиттери менен соода-сатык менен алектенишкен. Алар соодагерлик менен Кытайдын Цзинь-Цзянь аймагында жүрүп, соодадан сынып калышып, кайра эл-жерине кете албай калышат. Ал жерде калмак элдери менен байланышып жүрүп, акырындап бутуна турат. Баакы соодадан байыгандыктан, калмакча Байым Баакы деген атка конот. Алардан тарагандар байым баакы уруусу аталат. Калмак таякелери буларга «хотун», «сарт» деген ат коюшат, ал «соодагер» деген сөздүн котормосу. Калмактардан кыз алып, кийин аларга жээн болуп, аралашып калгандыктан, ушул эки сөздүн кошулушунан сарт-калмак уруусу аталып, кийин эл катары түптөлүп чыгышкан.

Керим Момун деген адам кийин чачылып жүргөн сарт-калмактарды бириктирип, эл-жерине барууга макулдашат. Ошентип 19-кылымдын экинчи жарымында айрым сарт-калмактар Кеминге көчүп келишет. Кийин Бактыяр, Токтаяр деген эки бир тууган Кеминден Караколго көчүп барышат. Ал жак жайлуу экенин уккан Керим Момун 1800-жылдары Караколго барып, Чыныбай бийге келип «тукумубуз бузула турган болду, жер бөлдүрүп бериңиз?» деп суранат. Чыныбай уездин жетекчисине ээрчитип барып, Ысык-Көлдүн Бурма-Суу, Бөрү-Баш, Челпек аймактарын кесип берет. 1864-1884-жылдары Иле аймагындагы Чыгыш Түркстандагы саясий окуялардан кийин толугу менен көчүп келишет.

Каракол (Пржевальск) уездинде 472 түтүндөн турган сарт-калмак старчындыгы (старшинство) түзүлөт.

Өмүралы Носиновдун балалык учуру совет өкмөтүнүн түзүлүү жылдарына туш келип, жергиликтүү мектептен билим алат. Колхоз кооперациялык техникумуна тапшырып, аны 1931-жылы 19 жашында аяктаган. Ошол жылы Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаарындагы «Райколхозсоюзуна» инструктор кызматына жиберилет. Андан кийин жаш экенине карабай 1931-1937-жылдары Балыкчы, Кант, Кызыл-Жар, Жумгал райкомунда секретарь болуп иштеп, партиялык иштерде такшалат.

1937-38-жылдары Жумгал токой чарбасынын директору, 1938-39-жылдары Тянь-Шань облустук аткомунун төрагасынын орун басары, 1940-42-жылдары партиянын Ат-Башы, Тогуз-Торо райкомдорунда 1-секретарь болуп иштеп келген. Батышта согуш оту күчөп турган кезде жаш кезинен иштеп, партиялык ишке дасыгып калган Өмүралы Носиновду совет өкмөтү Кочкор райкомуна 1-секретарь кылып жөнөтүшкөн.

Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда айыл чарба иштерин уюштурууда зор эмгек сиңирген. Батышта согуш жүрүп, эр азаматтар четинен майданга жөнөп жатты. Кочкор районунан эле 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка 5225 эр азаматтар жөнөтүгөн. Алардын ичинен 1491 адам гана кайтып келген. Калган 70 пайыздан ашыгы уруш талаасында курман болгон же дайынсыз жоголгон. Мына ушул согуш жылдарында колхоз-совхоздордо жалаң чал-кемпирлер, келин-кыздар, өспүрүм балдар иштешкен. Тапкан-ташыгандарынын баарын «согуш үчүн, фронт үчүн» деп жөнөтүп, эл өзү ачка олтурушкан.

Носинов жетектеген мезгилде Кочкор району 900 миң сом акчалай, 600 миң сом облигация жөнөтүп, И.В.Сталиндин алкыш катын алышкан. Чорго Жаңыбаев деген колхозчу 1941-1945-жылдары фронтко элдик жардам үчүн «Кыргызстандын колхозчусу» деген танка колоннасы, «Күнөстүү Кыргызстан»аттуу согуш учактарынын эскадрильясын курууга 50 000 сом акчасын кошкон. Бул салымы үчүн кызыл армиянын башкы командачысы Сталиндин колу коюлган алкыш баракчаны Кыргызстанда биринчи алган.

Өмүралы Носинов Кочкордо 1944-жылга чейин иштеп, 1944-1946-жылдары Нарын райкомдорунун 1-катчысы болуп дайындалган. Нарын районунда да «Кыргызстан колхозчусу» деген танк колонасынын курулушуна 1254 миң сом жыйнап, Ө.Носинов эки жолу И.В. Сталиндин алкыш катына татыктуу болгон. Согуш аяктагандан кийин 1946-жылы Тянь-Шань облустук аткомунун төрагасы, 1946-1953-жылдары Ысык-Көл облустук аткомунда төраганын орун басары, 1953-жылдан 1958-жылга чейин партиянын Покровка райкомунун 1-катчысы, 1959-1961-жылдары Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы болуп иштеген. 1961-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Пржевальск шаардык кийим тигүү фабрикасынын директору болуп эмгектенген. 1964-жылдын 27-октябрында дүйнөдөн кайткан.

Өмүркул Носинов 1955-63-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин эки жолку депутаты болгон. Ал өлкөгө сиңирген эмгектери үчүн Ленин, 2-даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Өмүралы Носинов сарт-калмактардын сыймыктанар уулдарынын бири болуп саналат.

Кочкор райкомунун 1-секретары болуп Өмүралы Носиновдон башка 1949-51-жылдары Саид Хамзабулин, 1957-60-жылдары Мухаммед Султанов сыяктуу сарт-калмак улутундагы инсандар иштешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×