Ак-Талаада мамлекеттик мекемелерде иштеген кыз-келиндер волейболдо таймашты
Turmush - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Кыймыл-аракет жүрөккө күч-кубат берет» деген ураандын алдында кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш өткөрүлгөнүн спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 24-ноябрда мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталган.
Спорттук мелдешти райондук ден соолукту чыңдоо борбору менен спорт инструктору биргеликте уюштуруп, мелдешке жергиликтүү жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылышты. Мелдештин соңунда 1-орунду аялдар кеңешинин командасы, 2-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы, ал эми 3-орунду Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин командасы жеңип алды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.