Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 23.11.2019 17:05

Жумгалда 6,7 млн сомго спорт зал куруу пландалууда

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы сейил бактын аймагында 6,7 млн сомго спорт зал курулат. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Надыр Бийсеев билдирди.

Анын айтымында, спорт залдын жалпы аянты 260 чарчы метрди, узундугу 20, туурасы 13 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө Чаек айылдык кеңеши тарабынан жергиликтүү бюджеттен 795 миң сом каралып, анын 95 миң сомуна спорт залдын долбоору даярдалган.

«Буюрса кийинки жылы айылдык кеңештин депутаттары 300 миң сом бөлүп беребиз дешти. Ошону менен 1 млн сом өздүк салымыбыз даяр болот. Спорт залды курууга каражат бөлүп берүү үчүн райондун өнүктүрүү фондуна кайрылганбыз. Ал болбосо Каржы министрлиги менен өкмөткө сунуштап көрөлү деп жатабыз. Айылда жаштар спорт залга муктаж. Чаек айылында бир дагы спорт мекемеси жок. Жаштарды сергек жашоого үндөгүбүз келет», - деди Н.Бийсеев.

Болжол менен спорттун дзюдо түрү боюнча машыгууга ыңгайлашкан спорт залдын курулуш иштери 2020-жылы башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×