Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 23.11.2019 13:55 На русском

«Унум жок, балдарым ачка»: Жумгалда 8 балалуу баатыр энеге 150 миң сомдой каражат топтолду. Видео

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы автобазанын эски, авариялык абалдагы имаратында 8 баласы менен баш калкалаган баатыр эне Жибек Калыбекованын үй-бүлөсүнө жардам бергендердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин Жибек Калыбекованын жолдошу Жумабек Турдумамбетов жол тейлөө мекемесинде иштеп, бирок жумуштан бошотулган. Ал иштейт деген себеп менен балдарына жөлөк пул берилбей жүрчү.

Үй-бүлөгө жыл башында демөөрчүлөр тарабынан 10 кой (5 кой, 5 козу) жана акчалай 2000 сом жардам берилген.

Буга чейин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы баатыр эненин балдарына кайрадан жөлөк пул берүү үчүн документтерди чогултуп, 2 кызын Кызыл-Жылдыз айылындагы бала бакчага жайгаштыруу боюнча маселе каралганын билдирген.

Учурда Жибек Калыбекованын банктагы эсебине Москва шаарындагы мекендештер жана кайдыгер карабаган кыргызстандыктар тарабынан болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде акча которулду. Ал каражатка Жибек Калыбекова социалдык кызматкерлер менен бирге үйүнө керектүү тиричилик буюмдарын сатып алды. Ошондой эле балдарына кийим-кече жана окуу куралдарын алышкан.

Жибек Калыбекованын атына акча которгондор:

- С.М., 100 000 сом;
- Чыңгыз Курманбеков, 5000 сом;
- Гүлзина Мырзабекова, 2000 сом;
- Венера Жунусова, 1000 сом;
- Муратбекович, 5000 сом;
- Асылбек Өмүрзаков, 2000 сом.

Москвадан акча которгон мекендештер:

- Элдарбек Эргешбаев, 5000 рубль;
- Жанаркүл Бекболот кызы, 4610 рубль;
- Элвира Маматова, 1000 рубль;
- Бакытбек Орунтаев, 2000 рубль.

Ошондой эле Чаек айыл өкмөтү, райондук мамлекеттик администрация, насыя берүүчү мекемелер үй-бүлөгө азык-түлүк, көмүр алып беришти. Ошондой эле Ж.Калыбекованын өзүнүн колуна акча бергендер бар.

Жибек Калыбековага жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын банк эсеби ачылды:

«Айыл Банк», №1350722018620831

Жибек Калыбекованын байланыш номуру — 0502 08 03 81.

Буга чейин Turmush басылмасы Жибек Калыбекова 39 жашта болсо, жолдошу Жумабек Турдумамбетов 50 жашта экенин жазган.

«Биз авариялык абалдагы имаратта баш калкалап келебиз. Сегиз балам бар, улуусу 9-классты бүткөн. Андан кийин турмуш шартка байланыштуу окубай калды. Иштейм деп борборго кеткен. Туруктуу деле иши жок, эптеп жан багып жүрөт. Мектепте 4 балам окуйт. Балдардын кичүүсү 1 жашка толду. Өкмөт жөлөк пул чектебей калганына эки жыл болду. Жолдошуң жол тейлөө мекемесинде иштейт, эмгек акысы 15 000 сом деп балдарыма акча чектебей калышкан. Жашоом абдан оор.

Өзүм иштебейм, балдарым менен үйдөмүн. Жолдошум жол тейлөө мекемесинен жумуштан бошоп, Чаек айылындагы жол жасаган компанияга ишке орношуп, 2-3 ай иштеген. Бирок айлыгын ушул мезгилге чейин ала элек. Бир айдан бери иши жок жүрөт. Тамак-аш алганга акчабыз жок. Үйүбүз муздак, көмүр ала албай, суу жээктен отун терип жагып жатабыз. Мектептеги балдарымдын ысык тамагына да акча бере албайм. Мугалими күндө акча суратат. Мен жок деп кетирем, бирок балдарым бөлөк балдардын арасында намыстанат экен.

Бул имаратта кароолчу катары акысыз турабыз. Автобаза Жогорку Кеңештин депутатынын менчигине чыгыптыр. Ал кишини деле көрбөйбүз. Бекер турганыбызга сүйүнүп эле жашап келебиз. Күн суук болуп калды. Балдарымдын кышкы кийимдери жетишсиз, бут кийимдери жок. Ыйлап, боздогондон бөлөк айлам калбады», - деген Жибек Калыбекова.

Балдардын сүрөттөрү Turmush басылмасына ата-энесинин уруксаты менен жайгаштырылды

Бул үй-бүлө мурда райондун Чоң-Арал айылынын Кырчын аймагында жашаган. Ал жерден көчүп келгенине 11 жыл болду.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×