Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуКочкор району 23.11.2019 11:08 На русском

Сүрөт — Кочкордо мектептин 51,3 млн сомго курулган имараты ачылды

Сагындык Өмүрбаев атындагы мектеп
Сагындык Өмүрбаев атындагы мектеп

Turmush -  Кочкор районунун Комсомол айылында мектептин 225 орундуу жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылыш аземине өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов жана жергиликтүү тургундар, жазуучу С.Өмүрбаевдин туугандары катышты.

Премьер-министр өз сөзүндө быйыл өлкө боюнча 368 социалдык объекттин курулушу бүтөрүн билдирди.

«СССР убагында бир жылда 6-7 мектеп курулса, азыр 111 мектеп курулуп жатат. Жыл сайын 15-30 мектепти пайдаланууга берип жатабыз. Билим берүү тармагына 38 миллиард сом бөлүнүүдө. Мугалимдердин айлыгын көтөрдүк», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мектепке 5 компьютер алууга сертификат тапшырылып, куттуктоо сөздөрүнөн кийин кызыл тасма кесилди. Салтанаттын катышуучулары мектептин жалпы имараты менен таанышып, ашкана жана спорт залын көрүп чыгышты.

Буга чейин Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектеби 2 имараттан турчу. 2006-жылы жер титирөөнүн кесепетинен имарат жараксыз абалга келген. 2016-жылы 51 млн 311 миң сом бөлүнүп, жаңы имараттын курулушу башталган.

Андан тышкары өкмөт башчы Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы К.Мамбеталиев атындагы, Кара-Мойнок айылындагы пайдаланууга берилген И.Абылгазиев атындагы, Мантыш айылындагы Т.Курткаев атындагы орто мектептердин абалы менен таанышып, мугалимдер менен баарлашты. Ошондой эле Көк-Жар айылындагы Т.Усубалиев атындагы орто мектебинде жаңы курулган спорт зал жана жыйындар залы менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×