Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 22.11.2019 12:15

Жумгалдын Чаек айылында дарыкананын терезесин чаап, тосмолорун сындырып кетишти

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында темир контейнерден курулган агровет-дарыкананын терезесин чаап, тосмолорун сындырып кетишти. Бул тууралуу анын ээси Нурлан Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, окуя 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү болгон.

«Эртең менен келсек ушундай абалда экен. Мен дароо Жумгал РИИБдин өкүлдөрүн чакырдым. Бул жерден катар жайгашкан мыйзамсыз темир контейнерлер алынган. Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов келип, «дарыканаңды ал, бөлөк жерге жылдыр» деп кеткен. Мен жылдыра албайм. Мурунку айыл өкмөт башчы Темирбек Чилпаковдон ушул жерди 5 жылдык мөөнөткө ижарага алгам. Келишим 2023-жылы бүтөт. Анда мага бөлөк жерден орун беришсин. Бул терезени чаптыруу, тосмолорду сындыруу айыл өкмөт менен менин артымда жайгашкан жеке менчик нотариустун ээси Ынтымак Өмүровдун эле колунан келди. Мага эскертүү берип жатышкандары окшойт», - деди Н.Шамырканов.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов мындай иш жасоо тууралуу ою да болбогонун айтты.

«Ал жерде темир контейнерлерде соода жүргүзүүгө болбойт. Бул жер мыйзамсыз, эреже сакталбай берилген. Биз келишимди бузалы деп чечкенбиз. Дарыкананын ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, башка жакка көчүргүлө деп айтылган. Ал эми түндө болгон окуяга менин жана айыл өкмөттүн эч кандай катыштыгы жок», - деди Р.Алымкулов.

Ал эми жеке менчик нотариустун ээси Ынтымак Өмүров бул иштерге тиешеси жок экенин айтып, ага карата далилдер болсо тиешелүү органдарга берүүнү сунуштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×