Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.11.2019 10:11

Ат-Башыда калктын аярлуу катмарына бекер көмүр берилди

Turmush -  Ат-Башы районунун ар бир айыл өкмөтүндө калктын аярлуу катмарына бекер көмүр отуну берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Карыбек Жайчиев билдирди.

«Айыл өкмөттөрдүн тизмеси менен Ак-Талаа айыл өкмөтүндөгү 45 үй-бүлөгө жарым тоннадан жалпы 21 тонна көмүр, Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү үй-бүлөлөргө жалпы 17 тонна, Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү 1932 үй-бүлөгө 66 тонна көмүр берилди. Жалпы 104 тонна көмүр 211 адамга берилди. Азыр көмүр 3500 сомдон болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×