Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.11.2019 09:56

Товарларды көбүнчө аялдар уурдайт, - ат-башылык соодагер А.Мамбеталиева

Айнур Мамбеталиева
Айнур Мамбеталиева

Turmush -  Айнур Мамбеталиева 25 жылдан бери Ат-Башы айылындагы «Береке» базарында соода кылып келет. Соодадагы оош-кыйыштар тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Ал учурда майда-чүйдө товарларды сатат. Мурда соодадан 1 айда 40 миң сомдон көп киреше түшсө, азыр 10 миң сомдой түшөрүн айтат.

«Соода менен өнүгүп, өссө болот. Мухаммед пайгамбарыбыз деле жалаң соода менен өнүккөн да. 1994-жылдан бери соода кылам. Негизи насыя албаш керек. Башында убактылуу берекеси болот. Андан кийин кудай берекесин алып коет.

Жашоо шартым жакшы эле, кудайга шүгүр келтирем. Үй-жайым, бала-бакырам бар. Ушул сооданын арты менен көп эле нерсе жасадык. Балдарыма унаа алып бердим. Сооданы жакшы айландырса, жакшы эле болот. Уламкысын улам керектей берсе дагы соода жүрүшпөйт. Андыктан акчаны дагы жакшы кармаганды билүү керек», - деди ал.

Соодагер башында насыя алып иштеген.

«Орто жолдон насыя алып азап жедим, эптеп кутулдум. Акыркы жылдары такыр насыя албай калдым. Башында кийим-кече сатып баштагам. Жолдошум 1996-жылы ооруп, 2008-жылы каза болуп калды. 2008-жылдан кийин идиш-аякка өтүп кеткем. Азыр менин товарларым универсал десем болот. Баары бар, бирок майда-чүйдө. Болжол менен 1 айлык кирешем 10 миң сомдой болот. Ал эми чоң товарлардыкынан жакшы эле киреше түшөт. Мурда соодагерлер аз болчу, соода ошончолук жакшы болчу. Азыр алармандан сатармандар көп болуп жатат.

Дүкөндөн товарларды уурдап кеткендер болот. Көтөрүп баратканда кармап калган учурлар кездешет. Көбүнчө аялдар. Аларды уяткарып гана коебуз, андан башка деле чара көрбөйбүз. Кайсы товарды кайда койгонумду жакшы билем, анан дароо байкайбыз», - деди ал.

Айнур Мамбеталиева 1966-жылы Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында туулган. Анын 3 баласы, 5 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×