Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 21.11.2019 12:12

Ат-Башынын Талды-Суу айыл өкмөтүндө ветклиника ачылды

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айыл өкмөтүндө жаңы ветеринардык клиника ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Аталган ветклиниканы курууга АРИСтен 515 миң сом, айыл өкмөттүн бюджетинен 293 миң 292 сом жана жайыт үчүн чогулган акчадан 44 миң сом бөлүнгөн. Ветклиникага 50 жылдан ашык ветеринар болуп иштеген 92 жаштагы Үсөн Осмоналиевдин ысымы берилди.

Ат-Башынын 8 айыл өкмөтүндө ветклиника бар. Алдыда дагы 3 айыл өкмөттө ветклиника куруу иштери пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×