Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Ош 19.11.2019 10:33 На русском

Бай жигит атасыз өскөн баланы кемсинтип, өмүр менен кош айтышкан. Шектүүнү суракка алган прокурордун көз жашы

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Быйыл кыргыз прокуратурасына 95 жыл толот. Буга карата Turmush басылмасы прокурорлордун иш тажрыйбасындагы кызыктуу окуяларды баяндайт.

22-ноябрь — Прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул жолу Ош облустук прокуратурасынын изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору Исаев Шамалбек Маманович менен тааныштырабыз. Ал 1963-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Жаш кезинен эле укук коргоо органдарында иштөөнү, тактап айтканда прокурор болууну эңсечү. 1981-жылы орто мектепти аяктагандан кийин аскердик милдетин өтөп келген.

«Эмгек жолумду 1984-жылдын январь айынан тарта Жалал-Абад шаарындагы автоэкспедициялык базада темир уста болуп баштап, ошол эле базага караштуу Сузак районунун “Дружба” керек-жарак коомунда сатуучу болуп иштегем. Мага бекитилген "ГАЗ-52" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны айдап алып жайлоолорго барып, малчы-койчуларга керектүү товарларды сатчумун.

Прокуратурага ишке орношуу менин эң башкы максатым болчу, бирок диплом албай туруп прокуратурага ишке орношуу мүмкүн эмес эле. 1985-жылы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, аны 1991-жылы ийгиликтүү аяктагам. Ошондой эле жогорку юридикалык билимди алганга чейин юстиция тармагында тажрыйба топтоону туура көрүп, 1987-1988-жылдары Кызыл-Кыя шаарында, андан соң 1988-1991-жылдары Өзгөн районунда нотариус, 1991-1993-жылдары Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгында жетектөөчү адис, башкы адис кызматтарында иштедим. 1993-жылдын май айынан баштап ушул күнгө чейин прокуратурада үзүрлүү эмгектенип келе жатам. Прокуратурага жумушка орношконумдун себеби — бул орган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөндүктөн, мамлекетибиздеги адилеттүүлүктү орнотууга өзүмдүн салымымды кошкум келет», - дейт Шамалбек Исаев.

Шамалбек Исаев

Ал прокуратуранын тергөөчүлөрү өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирген адам өлтүрүү, зордуктоо, кызматтык кылмыштар, мамлекеттин мүлкүнө каршы кылмыштар боюнча тергөө иштерин жүргүзөрүн белгилеп, өзүнүн иш тажрыйбасындагы окуяны айтып берди.

«Эсимде калган бир окуяга токтоло кетсем... 1995-жыл, кычыраган кыш, кар көп жааган мезгил болчу. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында адам өлтүрүү фактысы катталып, адам өлтүргөн жигит окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Мен райондук прокуратуранын тергөөчүсү катары окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, алгачкы тергөө аракеттерин көрүп, окуянын жагдайларын аныктадым. Көрсө Мырза-Аке айылында 18-20 жаштагы улан-кыздар бир досунун үйүнө туулган күнүн белгилөө үчүн барышып, ал жерде дасторкон үстүндө отурган балдардын бири Талант аттуу баланы мазактап, кемсинтип, башкалардын көзүнчө Талантты отурган жеринен бир-эки жолу уруп жиберет. Ал эми Талант ага жаман да сүйлөгөн эмес. “Кой, досум, болду” деген сөздөн башка бир да сөз айтпаптыр. Талантты урган бала аны мазактаганын улантып, ал жерде отурган өзүнүн жакын досторуна да кулак салбаптыр. Арадан бир саат өткөндөн кийин балдар эшикке чыкканда тиги бала Талантты жөн турган жеринен уруп-тепкилеп, отуруштан кууп жибериптир. Кийинчерээк такталгандай, кечеде жаңжал салып, Талантка асылган бала колунда бар үй-бүлөнүн баласы экен. Ал эми Талант аны менен бирге окуган, жөнөкөй, аз камсыз болгон үй-бүлөдө атасыз чоңойгон жалгыз бала экен. Талант үйүнө барып, ызасына чыдабай ашканадан бычак алып, аны урган баланын үйдөн чыгышын күтүп отуруптур. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Талантты урган бала бир досу менен эшикке чыгып, үйдүн аркасында заара кылып жатканда Талант колундагы бычагы менен күтүүсүз жерден далысына жана курсагына бир нече жолу сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул факт боюнча тийиштүү органга тапшырмалар берилип, ыкчам иш аракеттер жүргүзүлө баштаган.

Окуядан 2 күн өткөндөн кийин унаамды прокуратуранын алдына токтотуп, иш ордума кирип бара жатсам бир жаш бала алдымдан чыгып учурашып, “сиз Шамал акесизби?” деп сурап калды. Мен “ооба” деп жооп берип туруп калсам, ал жигит “ эки күн мурда адам өлтүргөн Талант аттуу бала мен болом” деп өзүн тааныштырды. Мен таң калып, аны менен иш бөлмөмө кирип, окуяны айтып берүүсүн өтүндүм. Мен ал баланы кылмышкер катары эмес, жөнөкөй адам катары кабыл алдым. Анткени мен анын ким экенин, мүнөзүн тергөө учурунда сурак берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн билип алгам. Ошондой эле мен ал баланы толук суракка алып бүткөнчө анын күнөөсүн мойнуна алып, өзү келгенин эч кимге айткан жокмун. Ал бала болгон окуяны айтып берип, көзүнө жаш алып, камалууга даяр экенин, бир гана өкүнгөнү — апасын аяй турганын айткан. Ошондо менин да көзүмдөн жаш агып кеткени бүгүнкү күнгө чейин эсимден кетпейт.

Талантты суракка алып бүткөндөн кийин райондук прокурордун иш бөлмөсүнө кирип, маалымат берип, Талант ал прокурорго да болгон окуяны айтып берди. Андан кийин аны Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө алып барып, кармоо жөнүндө протокол толтурдук. Андан кийин тергөө аяктап, Талант соттун өкүмү менен эркинен ажыратылган. Арадан 10 жылга жакын убакыт өткөндөн кийин мен Ош шаарынын прокурорунун орун басары кызматында иштеп жатканда Талант келип, учурашып калды. Аны дароо таанып, экөөбүз 10-15 мүнөттөй иш бөлмөмдө сүйлөшүп, анын татаал тагдырга жана оор сыноолорго кабылганына карабастан кичи пейил, чынчыл бойдон калганын байкадым. Сөзүбүздүн аягында Талант мага эмнегедир ыраазычылыгын билдирип, Россия Федерациясына кетип жатканын, кийин дагы жолугарын айтты. Ошондон бери аны көргөн жокмун», - дейт Ш.Исаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×