Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуНарын району 19.11.2019 08:09

Нарын облусундагы айдоочуларга 3 күндүк рейд уюштурулду

Turmush -  Нарын облусунда жол кырсыктарды алдын алуу максатында 15-16-17-ноябрь күндөрү атайын рейд өттү. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, рейддин алкагында жол эрежесин бузган 300 айдоочуга протоколдор түзүлдү. Мас абалда унаа башкарып жүрүшкөн 13 айдоочу кармалды. Айдоочуларга жол эрежесин сактоо, унаалардын техникалык абалын байкоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×