Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 18.11.2019 21:00

Нарындык Элдияр республикалык кинофестивалда «Тумар» сыйлыгын алды

Turmush -  Элдияр Кубанычбек уулу IV республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалына катышып, «Тумар» сыйлыгын алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Элдияр Кубанычбек уулу бул наамды «Мечта» тасмасынын артынан алды. Ал тасманы телефондун жардамы менен тарткан.

Кубанычбек уулу Элдияр 2003-жылы 8-октябрда Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. Беш бир тууган, эки иниси жана эки карындашы бар.

«Мен «Карек» кинофестивалынан быйыл экинчи жолу номинация алып жатам. Былтыр «Мыкты оператор» наамын алгам. Быйыл болсо ЮНИСЕФтин «Тумар» сыйлыгын утуп алдым. Абдан толкундандым.

Атам чарба менен алектенет. Апам болсо биздин айылдагы мектепте мугалим болуп эмгектенет. Тасмам тууралуу айтсам, сыналгыдан сынак жарыяланып жатканын көрүп калдым. Андан соң бул сынакка катышууну пландадым. Буга чейин клипке тартылып, тасма тартууга кызыгуум пайда боло баштаган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×