Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 18.11.2019 16:09

Кыргыз спортчулары таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунан 3 алтын менен келди

Turmush -  Кыргызстандын атынан он спортчу таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунун финалдык этабында күч сынашып, анын алтоо байгелүү орун менен келишти. Бул тууралуу мелдешке барган спортчулардын арасынан Эмил Мүсүралиев менен Назия Майлибашева билдирди.

Алардын айтымында, 14-18-ноябрь күндөрү Польшанын Пабьянице шаарында мас-рестлинг же таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогу өткөн. Ага 14-ноябрь күнү кыргызстандык он спортчу жөнөп кетишкен.

Жеңүүчүлөр:

- Атайбек уулу Келдибек (105 кг салмакта) алтын медаль;

- Майлибашева Назия (85 кг салмакта ) алтын медаль;

- Рахманова Дильдора (+85 кг салмакта) алтын медаль;

- Асанов Азамат (60 кг салмакта) күмүш медаль;

- Жайлообекова Айгерим (65 кг салмакта) күмүш медаль;

- Алимов Кудайназар (70 кг салмакта) коло медаль;

- Чыныбек уулу Русланбек (80 кг салмакта) коло медаль;

- Мүсүралиев Эмил (90 кг салмакта) коло медаль;

- Асаналиев Ринад (125 кг салмакта) коло медаль;

- Анарбекова Айжан (85 кг салмакта) коло медаль.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×