Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 18.11.2019 15:24

«Мекендештер»: Тил курсунда карыздап окуп, Германияга сапар алган Айдана

Turmush -  21 жаштагы Айдана Айбекова Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебин аяктаган. Өзүнүн айтымында, мектепте активдүү окуучулардан болуп, окууну «беш» деген баага бүткөн. Окуу менен катар билим берүү мекемесинин парламентинде иштеп, жергиликтүү «Акмарал» бий тобунда бийлеп, ийгиликтерди жараткан.

Учурда ал Германияда жашайт. Тил үйрөнүп, өз кыялына жеткен Айдана үчүн бул ийгиликтер оңойго турган эмес.

«Мектепти аяктаган соң, “кайсы окуу жайга барсам?”деп көпкө ойлондум. Биринчи эле ИИМдин Академиясына документтеримди тапшырдым. Ал жакка өткөндөн кийин атам каршы чыгып, “кыз кишиге бул кесип туура келбей калат” деди. Ошол себептен ал жактан документтеримди кайра алып кетүүгө туура келди. Андан кийин Медициналык академияга барайын дедим. Бирок “көп акча керек же болбосо кызыл аттестат керек” дегенинен ал жакка да бара албай калдым. Эл аралык Кувейт университети тууралуу угуп, ошол жакка барууну туура көрдүм. Кудай жалгап, ал университет менин үйүмө дагы жакын жайгашкан экен. Бирок кесип тандоого келгенде өтө кыйналдым. Менеджмент жагына өттүм. Ачыгын айтканда, эмне кылганымды өзүм түшүнгөн жокмун. Бир жыл окуп, ал кесип жакпай калды. Ошол бир жыл ичинде абдан кыйналдым. Себеби, ал жакта бардыгы арабча эле», - дейт ал.

Мекендешибиз жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы упай топтоп, бирок университетте келишимдин негизинде окуп калганына ызаланган.

«Мектепте 11 жыл жакшы окуп, ЖРТдан жогорку упай алып, университетте акча менен билим алганыма ызаландым. Өзүмдү күнөөлүү сезип, “ата-энемден акча сурабайын” деп иштеп жүрдүм. Бирок жакшы окуганымдын жемишин көрүп, 25% жеңилдик менен каражат төлөп калдым. 1-курсту аяктагандан кийин 2-курста башка факультетке которулууну чечтим. Анткени, экономика меники эместигине көзүм жетти», - дейт ал.

Айдана Германияга барыш үчүн тил курсунда карызга окуган.

«Менин Айгерим деген тайпалашым бар эле. Бир күнү ал “чет жерге чыккың келбей элеби? Германияга бир программа менен кетирип жатыптыр. Бирок немис тилин үйрөнүшүң керек” деди. Германиядагы үй-бүлөнүн мүчөсү болуп бир жыл жашайт экенсиң.

Курбум айткан курска жазылдым. 1000 сом беришим керек экен. Ошол учурда менде болгону акыркы 500 сомум бар эле. Ошону берип, калганын кийинчерээк берейин деп көгөрүп жатып жазылып алдым. Курста 3 ай окудум. Кийин сынак тапшырдым. Ал дагы өтө оор болду. Сынак тапшырганга дагы 5 миң сом акча төлөдүк. Анын жыйынтыгы үч күндө чыкты. Үч күн мен үчүн тозокко айланды. Ошентип мага өттүң деген кат келди. Аталган программа мага Германиядан үй-бүлө издей башташты. Бирок мага россиялык үй-бүлө туш келди. Алар 30 жылдан бери Германияда жашашат экен, 4 баласы бар. Күйөөсү абдан жакшы жумушта иштейт. Ал үй-бүлө мага аябай жакты. Өздөрүнүн кызындай мамиле жасашты.

Эң кыйыны виза маселеси болду. Анткени визага документ тапшырганы барганда Германиянын Кыргызстандагы элчиси жок экен. Андан кийин чакырып, сынак алабыз дешти. Суроолорду беришти. "Мен немис тилин өтө жакшы билем деп айта албайм, бирок билем" дедим. Алар мени менен маектешип бүткөндөн кийин “кете бер, биз сизге телефон чалабыз” деп койду. Бир жумадан кийин мага телефон чалып, “визаңызды алып кетиңиз” дешти. Визаны алгандан кийин Германияга билет сатып алдым. Нарынга барганга дагы жетишпей калдым. Атам, бир туугандарым менен коштошуп кеткенге дагы үлгүргөн жокмун. Учакта баратканда таанышкан адам дагы абдан көп жардам берди. Ал Мюнхенде жашайт экен. Менин бара турган жерим ошол жак болчу.

Азыр Мюнхенде жалгыз жашайм. Мурунку жашаган үй-бүлөгө дагы барып жардам берип турам. Балдарын бала бакчага алып барам, кээде тамак жасап берем. Учурда жөн гана тил үйрөнүп, жер көрүп жатам. Келгениме алты айдан ашты. Алты айдын ичинде Францияга, Италияга, Чехияга, Австрияга бардым. Бул мамлекеттер аябай жакты. Бул жакта мыйзам катуу иштейт экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×