Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуЖумгал району 15.11.2019 09:18

Фатима Өмүралиева Жумгалдын акиминин орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Өмүралиева Фатима Арманбекова дайындалды.

лолр

Ф.Өмүралиева 1962-жылы Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн. 1984-жылы мурдагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктап, орус тили жана орус адабияты боюнча билим алган.

1984-1987-жылдары М.Алыбаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген. 1987-1989-жылдары Аламүдүн районундагы №47 кесиптик окуу жайында окутуучу, усулчу, директордун орун басары кызматтарын аркалаган. Андан соң Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында мугалим, кесип бирлигинин төрайымы болуп иштеген. 2017-жылдан баштап ушул күнгө чейин Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү. Эки уул, бир кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×