Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуКемин району 14.11.2019 12:05 На русском

Суу жээгинде кумарын кандырган топ балдар же алардын кылыгын жашырууга сунушталган унаа

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата Turmush басылмасы прокурорлорду, бул тармакта иштеген ардагерлерди, алардын иш тажрыйбасын тааныштырууну улантат.

Афган согушунун ардагери, ардактуу эс алуудагы тергөөчү, прокурор, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси Калыбек Жамангулов прокуратура органдарында жалпысынан 30 жылдай иштеди. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен Кемин районунун прокурорунун жардамчысы-стажер болуп дайындалып, 2019-жылдын февраль айына чейин бул кесипти аркалады. Пенсияга чыкканга чейин үч ай Кемин районунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп, ага чейин орун басары кызматында иштеген.

Калыбек Жамангулов мектепти аяктагандан кийин 1981-1983-жылдары совет аскеринин катарында кызмат кылып, бир жарым жыл Афган согушуна катышкан. Согуштан келгенден кийин бир жыл заводдо иштеп, 1984-жылы азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, экзамендерден ийгиликтүү өткөн. Кемин районунун прокуратурасында иштегенден кийин, Ысык-Көл областынын прокуратурасына прокурордун ага жардамчысы болуп дайындалган. Бир айдан кийин бөлүм башчы кызматына дайындалган. Калыбек Жамангулов ал кызматка которулгандан кийин ийгиликтүү иш алып барганы үчүн 1-класстагы юрист наамын алган.

Калыбек Жаманкулов

Ийгиликтин башаты

«Мен соттордо жазык жана жарандык иштерге көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнө башчы болуп дайындалдым. План боюнча 1992-жылы Ысык-Көл облусунда каралган кылмыш иштерининин өкүмдөрүнүн мыйзамга ылайыктуулугун текшерүү иштерин аткардым. Тоң районунун сотундагы иштерди текшерүүдө мыйзамсыз чечимдерди аныктап, алар боюнча облустук сотко нааразычылык жаздым. Жыйынтыгында аларды териштирип, ошол жылы Тоң районунун сотунда каралган иштердин 25 пайызын өзгөртүү жана жокко чыгаруу боюнча чечим чыккан. Ошол сыяктуу башка райондордогу текшерүүлөрдү ийгиликтүү аяктагандан кийин Башкы прокурордун буйругу менен 1-класстагы юрист наамын алгам», - дейт Жамангулов.

Эң мыкты тергөөчү деп табылдым

1997-жылы Токмокто тергөөчү болуп иштеп жүргөндө тергөө амалдарынын негизинде адам өлтүрүү боюнча эки кылмыш ишинин бетин ачкан. 1997-жылы Чүй облусунун прокуратурасынын эң мыкты тергөөчүсү деп табылган.

Ал убакта зордуктоо, адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштар каралган. Статистика боюнча бир жылда эң көп, тагыраагы 32 ишти тергеп, анын ичинде бети ачылбай жүргөн эки оор ишти тергөө амалдарынын негизде аягына чыгарган. Юристтердин кесиптик майрамында бул ийгиликтери үчүн юстициянын 3-класстагы кеңешчиси наамы ыйгарылган. Андан кийин, эгемендүүлүк күнүнө карата юстициянын 2-класстагы кеңешчиси наамы берилген.

«Эң негизгиси ишти сапаттуу аткаруу керек. Эгерде мыйзамдарды билсең, анда ар бир ишти мыйзамга салыштырып эле мыйзам бузууларды, кылмыштарды аныктай аласың. Прокурор, тергөөчү тергөөнү сапаттуу, мыйзамдардын негизинде жүргүзсө соттун жүрүшү дагы жакшы болот. Ошондо элдин ишеними пайда болуп, уйкуң дагы тынч болот», - дейт ардагер.

«Ишти жап» деп автоунаа сунуштаган

Калыбек Жамангулов Кемин районунун прокуратурасында иштеп жүргөндө зордуктоо боюнча ишти жаптыруу үчүн автоунаа сунуштаган учур болгонун айтат.

«Кеминдеги суунун ары жагында Кордай районунда эки айыл бар. Мен Кемин районунда иштеп жүргөндө Казакстандын студенттери ошол жерге айыл чарба жумуштарына келишкен экен. Анан суунун жээгине эс алганы келип, ичип мас болуп калышат. Андан кийин кичинекей айылда жашаган бир кызды зордуктап коюшуптур. Аталган айылга чейин барып келип, кыздан сураштырып, тергөөнү баштадым. Ишемби, жекшемби күндөрү болчу. Жамбылдан чоң бир делегация келди. Арасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери дагы бар экен. Мен болсо ишти козгоп, шектүүлөрдү камакка алган элем. “Ишти жаап кой” деп жанды койбой сурана башташты. Мен таптакыр макул болгон жокмун. Анан бирөөсү калып, “терезени карасаң” деп калды. Карасам “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү номуру жок, жапжаңы унаа токтоп туруптур. “Ушул ишти жапсаң, эки сааттын ичинде сен айткан кишиге каттап беребиз” деди. Ага дагы макул болбой койсом “райондук прокуратураларда менин тааныштарым деле иштейт, ишти каптип жапса болоорун билем. Бул ишти жаап коюу сенин колуңдан келет” деп туруп алды. Анан мен “аксакал экениңизди сыйлап, пара сунуштаганыңыз үчүн протокол жазган жокмун. Мен бул ишти жаппайм” деп ишти аягына чыгаргам», - деди ал.

Бишкекте турак жай маселесинен кыйналып...

Калыбек Жамангулов эгемендүү Кыргызстандын ушул убакка чейинки бардык Башкы прокурорлору учурунда иштеген.

«Мен жаңы жумушка киргенде Иванцов деген Башкы прокурор болчу. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Чолпон Баекова Башкы прокурор болду. Андан кийин Асанбек Шаршеналиев, Чубак Абышкаев, Мыктыбек Абдылдаев, Камбаралы Конгантиев, Эльмурза Сатыбалдиев, Аида Салянова, Индира Жолдубаева жана учурдагы Өткүрбек Жамшитовдордун учурунда иштедим. Мени Башкы прокуратурага жумушка чакырышкан, жанагы эле соттордогу жарандык, кылмыш иштерин көзөмөлдөө бөлүмүнө кел дешкен. Бишкекте турак жай маселесинен кыйналып, Кеминде эле калууну чечтим. Буюрганы экен, бул тармакта 30 жылдай иштедим. Ага деле шүгүр», - дейт Жамангулов.

Көчүп-конуп иштөөгө туура келет

30 жыл ичинде Калыбек Жамангулов өлкөнүн көптөгөн аймактарында иштеген. Чүй, Ысык-Көл, Талас, Ош облустарда эмгектенди.

«Жаңы эле иштеп баштаганда эс алуусуз иштедик. Эмгек өргүүгө чыккандан кийин дагы өндүрүштүк муктаждык деп чакыртып алышчу. Райондорго которгондо көчүп иштедик. Үй-бүлөлүү болгондон кийин дагы оорлошо баштайт экен. Балдарым мектептен мектепке которулуп кыйналбасын деп, өзүм эле барып иштеп жүрдүм. Жубайым менен балдарым үйдө калышчу. Иштейбиз деп келгенден кийин ага дагы чыдаш керек экен», - дейт ардагер.

Уулдарым дагы юрист

Жамангуловдун эки уулу, бир кызы бар. Уулдары атасынын жолун жолдойбуз деп юридика факультетин аякташкан.

«Уулдарым юридика тармагын тандап, ошол жактан билим алышты. Бирок, учурда жеке ишкерлик менен алектенишет. Мен дагы эми эс алууга чыккандан кийин балдарымды жаныма алып, адвокаттык контора ачсамбы деп жатам. Балдарыма дагы билгендеримди үйрөтүп, өзүм дагы көңүлүмө жаккан жумуш менен алектенейин деп жатам», - дейт Калыбек Жамангулов


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×