Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 05.11.2019 18:50

Нарын шаарында энелер медресеси ачылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 4-ноябрь күнү Нарын шаарында Нарын казыятына караштуу энелер медресеси ачылды.

Казыяттын маалыматына караганда, ага облустун казысы, 100гө чукул апалар, эже-карындаштар катышып, сый тамак уюштурулду. Нарын шаарындагы энелерди окутуу максатында атайын ачылган бул окуу борборунда кыз-келиндерге, апаларга 2 айлык Куран курстары уюштурулуп баштаган. Учурда жакшы жыйынтык көрсөткөн 10 айымга Куран китептер жана белектер тапшырылды.

Энелер медресеси 2 айлык, 4 айлык жана 6 айлык Куран курстарын окутат. Аны менен катар намаз окууну үйрөнүү, ислам негиздери, хадис, бала тарбиялоо тууралуу кошумча билимдерди алышат.

«Кыздарды турмушка даярдап, кайын журт менен кандай алакада болуу керектигин, баланы кантип тарбиялоо керектигин үйрөтүү керек. Андыктан биз бул жерде мугалим эжелердин жардамы менен кыздарга да атайын турмушка даярдоо курстарын уюштуралы деп пландап жатабыз», - деди Мамбетасан Ибраев.

Куран курстарынан сабак алгандарга атайын сынак уюштурулуп, анын жыйынтыгында сертификат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×