Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 05.11.2019 10:46

Кочкордо дыйкандар тамчылатып сугаруу боюнча билим алышты

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылында Суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнө талаа күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу коомдук фонддун адиси Жаныбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Күнгөй–Үкөк суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнө жана жергиликтүү дыйкандарга «Тамчылатып сугаруу системасы менен иштөө ыкмасы» боюнча сабак өтүлдү. Иш-чаранын алкагында тамчылатып сугаруу үчүн 150 миң сомдук жабдыктар дагы берилди. Алар 20 сотых жерди тамчылатып сугарууга ылайыкташкан.

«Ошондой эле нымдуулукту өлчөөчү куралдар берилди. Анын жардамы менен дыйканга канча куб суу берилип жатканын билсе болот. Мындан ары айдоо аянтынын нымдуулугу текшерилип, ошого жараша суу берилет», - деди Кара-Күнгөй–Үкөк суу пайдалануучулар ассоциациясынын директору Мыктыбек Шаршеналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×